Азамат Дөөлөтбеков Ак-Талаа районундагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебине директор болуп дайындалды.
Ал Баетов айлындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебин аяктаган соң Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият искусство Университетинде окуган. Сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, 2012-жылдан 2014-жылга чейин Ак-Талаа райондук маданият үйүндө бий коюучу, 2014-жылдан тарта ушул эле айылдагы Дербишкан Ажиев атындагы клубда башчы болуп ийгиликтүү эмгектенген. Маданият кызматкери болуу менен бирге эле 2013-жылы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде музыка мугалими кесибин аркалаган. Бир эле учурда райондук маданият үйүнүн методисти жана мугалим болуп Азамат Дөөлөтбеков 2017-жылы аталган мектепке тарбия иштерин уюштуруучу кызматына которулган. Уюштуруучу катары мектеп окуучуларынын райондук, облустук, республикалык ар кандай сынактарда жеңүүчү болушуна көмөктөш болгон.
Азамат Дөөлөтбековдун айтмында жетекчи катары алдыга койгон бир топ максаттары бар.
«Мектепте жалпы 112 окуучуга 25 мугалим билим берет. Буюрса мектепте STEM (табигый предметтер, технология, инженерия жана математика) билим берүүнү жайылтып, окуу-техникалык базаны чыңдоого, окуучулардын билим сапатын көтөрүүгө, бул жаатта ийгиликтерди жаратууга күч-аракетимди жумшайм»,- деди.
Акбар Кеңешбеков