Окуучуларга Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын экс депутаты Тынчтыкбек Конушбаевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен Чүй облусунун Сокулук районунда экинчи ирет «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашы болуп өттү.
Бул жолу таймаш Сокулук районунун Керимбүбү Шопокова атындагы №3 мектеп лицейинде болуп өттү. Таймашты уюштуруучу жана алып баруучу Аида Медетбек кызы алып барды.
Таймашка Сокулук районун ичинен 6 мектептин окуучулары жана даярдап келген жетекчилери, Сокулук районунун администрация башчысы Курманбек Айтибаев жана Сокулук районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаевна катышышты.
Таймаштын катышуучулары
Таймаш окуучуларга суроо берүү жана жооп алуу форматында болуп, упайлар эсептелип, жеңүүчүлөр аныкталып, жогорку деңгээлде жана кызыктуу өттү. Окуучулардын көздөрүнөн билимге болгон умтулуулары, изденүүлөрү жана кубаныч, сүйүнүч, сыймыктануу сезимдери байкалып жатты.
Жыйынтыгында Сокулук №2 орто мектебинин 11 — классынын окуучусу Маржан Кеңешбек кызы 1 — орунду, Керимбүбү Шопокова атындагы №3 мектеп лицейинин 10 — классынын окуучусу Байтур Токтогулов багындырды.
1 — орунду багындырган Кеңешбек кызы Маржан өз сөзүндө:
«Сокулук №2 орто мектебинин 11-а классынын окуучусумун. 2021-жылдын октябрь айында «Акыл ордо» интелектуалдык таймашка катышуучуларды тест аркылуу тандап алып жатышыптыр. Ал тест биздин мектепке дагы келип 8-11-класска чейинки окуучулардан тест алынды. Ал жактан 25/16 суроосуна туура жооп берип 1-орунду алдым, биздин мектептен «Акыл Ордонун» супер финалына мен катышмай болдум. Ошентип, мектептин намысын коргоо мен моюнумда болду.
Таймашка аябай деле даярданган жокмун. Болгону мектептен алган билимимдин таасири тийди деп айтсам болот. Бул үчүн жалпы мугалимдерге ыраазычылык билдирем. Жана дагы мен мурунку «Акыл Ордону» ютуб каналынан бош убактымда көрүп, өзүмдүн билимимди тереңдетип, жаңы маалыматтарды алдым.
Таймаш учурунда толкундануу көп деле болгон жок, болгону өзүмө ишенип, сахнаны карабаганга, болгон оюмду оюнга, берилген суроолорго бөлдүм.
3 — турга эки окуучу чыктык, ал жактан көбүнчө логикалык суроолор берилди. 3 — турда таймаш аябай кызуу болду. Аягында 3:2 эсебинде мен жеңишке жеттим. Жеңишке жеткенимди укканда кубанып, сүйүнүчтүн көз жашы болду. Мени колдоп келгендер дагы аябай сүйүнүштү. Жеңишке жетүү үчүн биринчиден баарын көңүл менен кылыш керек, экинчиден жеңишке көбүрөөк аракет кылыш керек. «Ийгилик сага келбейт, сен ага барасың» дегендей болгону талыкпай аракет кылыш керек.
Атам Сатыбалды уулу Кеңешбек «Аюу» фирмасында айдоочу болуп иштейт, апам Калиязова Айнура Сатыбалдиева фирмада химик болуп эмгектенет. Мени жарык дүйнөгө алып келип, ушунча даражага жеткирип чоңойтконуна ата-энеме чексиз ыраазымын!»
Жеңүүчүгө ардак грамота, кубок жана ноутбук берилди. Азыр техниканын заманы болгонуна байланыштуу ноутбук мага чоң белек болду, мен ал менен студент болгондо дагы пайдаланам деп кубанычы менен тең бөлүштү.
Жеңүүчүлөрдү Жогорку Кеңештин VI чыгарылышынын экс депутаты Тынчтыкбек Конушбаев чын жүрөктөн куттуктап: «Ар дайым билимге умтулгула билимдүүгө дүйнө жарык, ааламды багындырса болот, келечегиңер кең болсун. Таймаш дагы да уланат”,- деп белектерди тапшырды.
Сокулук райондук администрациясынын башчысынын Курманбек Айтибаев:
«Жалпы катышуучуларга кутуктоо айтып окуучулардын окууларында ар дайым ийгиликтер болуп, жеңиштерди багындырып жүрө бергиле, ал эми Сокулук районунун администрациясы жаштардын билимге умтулуусуна жана өнүгүүсүнө ар тараптан колдоо көрсөтүп келебиз»,-деп уюштуруучуларга, демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирип өттү.
Айдай Джолчубекова