Бишкек шаарындагы Россиянын Бишкектеги Илим жана Маданият борборунда Бишкек орус үйү Кыргызстандын отуз мектебине окуу китептерин тапшырды. Китептерди Бишкек, Токмок, Кант шаарларынын, Ивановка, Ново-Покровка, Красная Речка, Чалдыбар, Төмөнкү-Чүй, Жаңы-Жер айылдарынын окуу жайлары алышты. Жалпысынан мектептерге 10 миңден ашык китеп берилип, анын ичинде орус тили жана адабияты, математика, методикалык жана көрсөтмө куралдары дагы болду.

Россиянын Бишкектеги Илим жана Маданият борборунда орто мектептер үчүн окуу китептерин берүү учурунда
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылынындагы Жаңы-Жер №2 орто мектебине берилген китептин жалпы баасы 1360 долларды түздү. Берилген китептер 1-класстан-9-класстын окуучулары үчүн болуп, мектептин китепканасынын фондун толуктады.

Жаңы-Жер №2 толук эмес орто мектебинин окуу тарбия бөлүмү боюнча директордун орун басары Сүйүн Абдыбекова жана класстан тышкаркы иштер боюнча мектептин организатору Иван Иванов Сергеевич

Китептер Жаңы-Жер №2 толук эмес орто мектебинин окуу тарбия бөлүмү боюнча директордун орун басары Сүйүн Абдыбекова жана класстан тышкаркы иштер боюнча мектептин организатору Иван Иванов Сергеевичке тапшырылды.

Бишкектеги орус үйүнүн конференц залы

Кубанычтан мектептин жалпы жамааты орус үйүнүн жетекчиси Виктор Нефедовго мектепти заманбап окуу адабияты менен жабдуудагы жардамы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Бишкектеги орус үйүнүн жетекчиси Виктор Нефедов
Айта кетсек, Россотрудничество өкүлчүлүгү өз ишин Россиянын элчилиги менен тыгыз байланышта жүргүзөт, өкүлчүлүктүн түзүмүндө Бишкектеги Россия илим жана маданият борбору иштейт.
Турсун Омуралиева