Жогорку окуу жайына өтүү үчүн жалпы республикалык тестти тапшыруу зарыл. Анын жыйынтыгы менен гана окуу жайларга кабыл алуу жүрөт. Бул жылы өтө турган Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 14-февралда башталган ал 6-апрелге чейин созулат. Тестирлөөнү жыл сайын Билимди баалоо жана окутуу усулдарынын борбору өткөрүп келет. Аталган борбор быйыл өлкө боюнча 120га жакын тест борбору уюштурулуп, тестирлөөнү 23-28-май күндөрү өткөрүү пландалып жатканын билдиришти.

4жылдан бери ЖРТга даярдоочу борборлордо кыргыз тилинен сабак берген Нуркалый Масалбеков студенттер арасындагы республикалык олимпидадан 1-орунду ээлегенден тарта тестке даярдоо сунуштары түшүп, окуучуларга билими менен бөлүшүп келет:

“Алтынды бөлүшсөң -азайат, билимди бөлүшсөң- көбөйөт -деп коюшат эмеспи. Аны сыңарындай кесибим мугалимдик болбосо дагы балдарды кыргыз тилинен тестке даярдап бул кесиптин түйшүгүн, оорчулугун ошол эле учурда жыргалын көрүп келе атам десем болот.”

“2 жылдан бери аймактарга барып ал жердеги жаштарды дагы тестке даярдап жатам. Себеби бизде ЖРТге даярануу үчүн аймактагылар шаарга келишет. Ал жакта чыгымдар көп, аны менен катар шаарга келген окуучу ар кайсы кино сыяктуу нерселерге кызыгып окууга болгон убактысын, көңүлүн топтой албай калышы мүмкүн. Финансылык жактан алып карганда дагы бир окуучу орточо сарптаганда эле 10миң сомдун тегерегинде акча сарпташы керек болот. Ал эми окуу күзүндө, кышында жана жазында болот. 30 окуучу шаарга келгенден көрө мен жалгыз барып окутуп келейин деп ойлонуп, регионго барып баштадым.”

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун окуучулары менен
“Жалпы республикалык тестирлөө негизинен 2 бөлүмдөн турат. Математика жана кыргыз тили бөлүмү. Математика болүмүндө 60 суроо болот дагы ал эми кыргыз тили бөлүмүндө 90 суроо. Демек, кыргыз тилинен көбүрөөк балл алат. Бизде көп учурда ата-энелер дагы окуучу өзү деле мен өзүм кыргыз болсом, кыргыз мектепте окусам, 18 жыл кыргызча окусам анан кайра курска барып кыргыз тилинен даярданмак белем? Ансыз деле билем деп ойлойт. Бирок, чындыгында билбеген сөздөр, көөнөргөн сөздөр, китеп окубай сөз байлыгы жарды болгондон улам тесттен жакшы балл албай калып жатышат.”
“ЖРТ негизинен жеңил эле нерсе. Андан коркуунун кереги жок. Өз алдынча деле үйдөн даярданса болот. Кыргыз тили болүмүндө аналогия деген бөлүм бар ошону көрүп эле окуучулар чоочулашат. Туура бул мектеп программасында жок. Бирок, бул окшоштук деген эле сөз бир сөздүн экинчи сөзгө окшоштугу, байланышы. Тести ийгиликтүү тапшыруу үчүн китепти көп окуу зарыл. Аны окуганда дагы ой жүгүртүп, салыштырып, анализ жасап окуй билүү керек. Кыргыз тилинен тест тапшыруучуларга кыргыз тилиндеги китептерди көп окууну сунуштайт элем. Автору, жанры түрдүү боло берсин бул дагы абдан жакшы натыйжа берет.”
ЖРТга даярдыкты качан баштоо керек?
— Тестке даярдык десе көп окуучулар 11-класс болуп, жаз келгенде өзгөчө ушул март айында байчечекей гүл ачканда чогуу ойгонушат. Эмнеге кеч баштаганын сурасам, эрте баштасам унутуп коймокмун деп жооп беришет. Бирок, мен айтаар элем эгер, унутуп кое турган болсонор анда 11 жыл эмнеге билим алып жатасынар? ЖРТга аз калганда эле билим алып койбойлубу! Билим эч качан унутулбайт. Аны туура багытта алуу зарыл. 9-10-класстан тарта эле көп китеп окуп, математикалык эсептерди иштеп, тест иштеп билимдерин бышыктап баштоо зарыл. Канчалык даярдыкты эрте баштаса ошончолук жакшы баллдарды ала алат.
Тест тапшыруучуларга кандай кеңеш бересиз?
— Азыр тестке 2 айга жетпеген убакыт калды. Бул учурда өзүбүздү толук кандуу тестке даярдашыбыз зарыл. Учурда орфоэпия, орфография жана фонетика, пунктуация бөлүмүнө өтө көңүл буруу керек. Башка бөлүмдөрдү үстүртөн карап чыкса болот. Ошол эле окуу түшүнүү бөлүмүнө дагы китептерди, тексттерди окуп, эмне ала алдым, эмне ойлор камтылды?-деген сыяктуу суроолорду берип окуй турган болсо 4 болүмдө тең жардамын берет. Андан сырткары анология бөлүмүндөгү байланыштар боюнча 11-класстар билет бул бөлүмдөн дагы көп тестерди аткарып, түшүнбөгөн сөздөрүн создүктөн издеп таап, түшүнгөнгө аракет кылуу керек.
Бул маалыматтар дагы окуп көрүңүз:
Бүтүрүүчүлөгө кеңеш: ЖРТ күнү өзүн кандай алып жүрүш керек?
ЖРТда окуп түшүнүүнү кантип ийгиликтүү тапшырса болот?
ЖРТ тапшырууда предметтик тесттерди тандоо маанилүү
Айгерим Кубатбекова