Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердеги кыргыз тили жана адабияты боюнча Республикалык олимпиадада I — орунду Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок орто мектебинин 11 — классынын окуучусу Айбермет Өмүрбекова ээледи.
Айбермет Өмүрбекова Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Учурда Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок орто мектебинин 11-классында окуйт. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.
«Атам комузчу, апам кыргыз тилчи болгондуктан үй-бүлөбүздө эне тилибизге болгон сүйүү өзгөчө. Ошондой эле эжем Айдай Өмүрбекова 2016-2017-окуу жылында Республикалык олимпиададан кыргыз тили жана адабияты сабагынан 2-орунду ээлеген. Ушул жагдайлардан улам кыргыз тилин өзгөчө сүйүп окуп, изилдөө менен апам экөөбүз олимпиадага даярдык көрө баштадык. 8-классымда Билимкана олимпиадасында Республикалык баскычта 1-орунду алдык. 9-классымда райондук баскычтан 1-орунду, 10-классымда облустук баскычтан 2-орунду ээледик.
Быйылкы олимпиадага даярданууда буга чейинки алган билимдеримдин пайдасы зор болду. Ар бир күнгө план түзүп, мугалимим-апам экөөбүз атайын жобо боюнча даярдык көрүп жаттык.
Олимпиада болуп жаткан учурда, албетте, жыйынтык кандай чыгат деген тынчсыздануу болуп жатты. Жеңүүчү катары өзүмдүн атымды укканда абдан сүйүндүм.
Жеңишке жетүү үчүн талыкпаган эмгек, чыдамкайлык, туруктуулук керек деп ойлойм.
26-март күнү КММАнын конференция залында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин катышуусунда олимпиаданын жыйынтыктоо салтанаты болуп өттү. Кызыктуу концерттик номерлер болуп, жеңүүчүлөр диплом жана белектер менен сыйланышты.
Жеңүүчү катары мен диплом жана планшет менен сыйландым.
Мени даярдаган мугалимим — апам Салкын Аламанова. Бул жеңишке жетишүүдө апамдын эмгеги абдан зор. Мага туура багыт берип, ишеним көрсөтүп, ошол эле учурда эркелетип турган апама чексиз ыраазымын.
Атам Рысбек Жунушов учурда Бүбүсара Бейшеналива атындагы маданият жана искусство университетинде эмгектенет.
Апам Салкын Аламанова Орок орто мектебинде мугалим. Ата-энемдин колдоосу жок бул жеңишке жетүү мүмкүн болмок эмес. Мага бардык сабактар кызыктуу. Өзгөчө кыргыз тили, кыргыз адабияты жана математиканы жакшы көрөм.
Бош убактымда комуз чертем, ырдайм жана китеп окуйм, комуз, англис тил ийримдерине катышам.
Алдыда эң алгач татыктуу адам болгум келет. Ошондой эле келечекте мекенибиздин билим тармагына өзүмдүн салымымды кошоюн деген жакшы тилектерим бар».
Ал эми Айберметтин мугалими жана апасы Салкын Аламанова Сокулук районундагы Орок орто мектебинин кыргыз тил жана адабият мугалими болуп эмгектенет. 1995-жылы Ишеналы Арабаев атындагы педогогикалык университеттин филология факультетин бүтүргөн.
Үй-бүлөлүү, беш баланын энеси.
«Окуучум Айбермет — өзүмдүн кызым . Кызым кичинесинен эле окууга абдан дилгир. Сабактарын өзгөчө кызыгуу менен окуйт. Абдан аракетчил , ар бир нерсеге жоопкерчиликтүү мамиле жасайт. Атабыз комузчу болгондуктан, балдарыбыз кичинесинен комуз күүлөрүн угуп чоңоюшту. Ошондон улам комуз чертет, ырдайт.
Бош убактысы болгондо китеп окуйт, бирге тамак даярдайбыз. Өзгөчөлөнтүп деле тандабайт, даамдуу тамак-аштарды, жер жемиштерди сүйүп жейт. Ар бир бала жөндөмдүү, бир нерселерге шыктуу болушат. Бирок, айтылып жүргөндөй, бир пайыз талант, 99 пайыз эмгек деген сөз эң туура. Канчалык көп эмгек кылсаң, анын натыйжасы сөзсүз болот деп өзүмдүн балдарыма да, окуучуларыма да айтып келем.
«Жалгыз дарак бак болбойт» демекчи, биздин олимпиадага даярдануу учурунда колдоо көрсөтүшүп, мектептеги ар кандай коомдук иштерден, сабактардан бошотушуп, ыңгайлуу шарттарды түзүп бергендиги үчүн мектеп администрациясына, кесиптештериме терең ыраазычылык билдирем.
Эне катары кызыма ден соолук, өмүр жана бакыт каалайм. Ата-эне үчүн балдарынын ийгилигин көрүү өтө чоң бакыт. Ушундай чоң бакытты ар бир үй-бүлөгө жана ар бир энеге каалайм. Келечекте жаштарыбыз билимдүү, илимдүү болушса, Кыргызтан мындан ары дагы өнүгүп өсөт», — деп ишенем.
Эң алгачкы ийгиликтеринен, 1-класста окуп жатканда мектеп ичиндеги «Манасчылар» сынагында манас айтып, ийгиликке жетишкендигин апасы белгилеп өттү.
Айдай Джолчубекова