Ак-Талаа районунда акыркы учурда кыз-келиндер арасында спорттун түрлөрү боюнча ар кандай мелдештер байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Тактап айтканда ар бир айда аркан тартыш, волейбол боюнча күч сынашат. Бул сергек жашоону калыптандыруу менен бирге эле алардын бош убактыларын пайдалуу өткөрүүгө, ден-соолугун чыңдоо үчүн кам көрүүгө жардам берет.
Ак-Талаа райондук спорт инструктору Улан Доктурбек уулунун айтымында райондо кыз-келиндердин командалары көбөйүүдө.
«Мурда алар азырак санда жана аларды мелдештерге катыштыруу бир аз оорурак болчу. Анткени бизде аял киши үйдө оокат кылат деген түшүнүк бар. Ошондой эле мындай оюндарга райондун борбору болгон Баетов айылындагы мекемелерде эмгектенген кыз-келиндер гана катышса, учурда айылдардан дагы командалар келүүдө. Жылдан-жылга ойноо чеберчиликтери өсүп, мыкты оюнчулар аныкталып, атаандаштык жаралууда. Албетте бул жакшы көрүнүш. Ай сайын өтмө кубок үчүн волейбол, аркан тартыш ойнотулат. Бирде утулат, бирде утат»,- деди.
Бүгүн дагы 8 команда ортосунда мелдеш болуп, 1-орунду райондук оорукананын оюнчулары камсыздаса, 2-орунга Терек айылынан келген кыз-келиндер жеңип алышты. Ал эми 3-орунга Э.Карасартов мектебинин командасы ээ болду.
Аркан тартышта «Тынчтык балдар бакча» күчтүүлүк кылышып, 1-орунду алышты. 2-орун Аялдар кенеши жеңип алса, 3-орунга Терек командасы ээ болду.
Аксана Жусупова