Ак-Талаа районундагы «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмеси Германия кызматташтык уюмунун «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоорунун алкагында бир топ бир социалдык ишканаларды ачууга жетишти. Аталган долбоор жаштарга жумуш ордун түзүү, иш менен камсыз кылуу максатын көздөйт.
Тез тамактануучу жайда студенттер иштеп жатышат
Иш менен 4 адам камсыз болгон
Баетов айылындагы «Шам-Шум» тез тамактануу жайы дагы долбоордун негизинде ачылып, учурда 4 адам иштеп жатат. Жетекчиси Анарбек Абдиевдин айтымында жаштар бул жайга келип, чай үстүндө ар кандай маселелерди талкуулап, же жөн гана эс алып кете алышат.
«Азыр окутуу аралыктан жүрүп жаткандыктан студенттер иштеп жатышат. Элдин каалоосуна жана талабына ылайык тейлөөгө аракеттерди көрүп жатабыз. Көч бара бара түзөлөт эмеспи. Алдыда кызмат көрсөтүүлөр боюнча абдан жакшы пландарыбыз бар. Тез тамактануучу жайдын башка точкаларын ачсак деген оюбуз бар»,- дейт.
https://youtu.be/5WYGaWp6W4c
Мындан мурда Акталаада “Оомат” кондитердик ишканасы ачылган.
Барчын Мамытбекова