Ат-Башынын кулуну, калемин колунан түшүрбөй, поэзияга башын байлаган акын, журналист Шайлообек Дүйшеев быйыл 70 жашка толду.

Акынды үйүнө барып куттуктап келишти
Пандемияга байланыштуу маарекесин өткөрбөй коюуну чечкен акынды, Ат-Башы районунун жетекчилиги үйүнө барып куттуктап келди.
Акынды куттуктоону аким Нурбек Сатаров демилге көтөрүп, райондук мамлекеттик админстрациясынын аппарат жетекчиси Жыргал Омокеев, Ача-Кайыңды айыл өкмөт башчысы Н. Жунусов, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К. Барктабасов жана Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н. Аскербеков барып, атайын куттуктоо барагын тапшырып жана чакан белектерин беришти.

Куттуктоо баракчасын тапшырып жаткан учур
Шайлообек Дүйшеев айыл өкмөт башчылары на жалпы эле район элине ыраазычылыгын билдирип, саламын жолдоду.

Өзбекстандын Фергана өрөөнү менен Ат-Башы району кызматташат
Асель Уркунбаева