Жаңы конституциянын долбоору коомдук талкууда болууда. Кээ бир саясатчылар баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө караманча каршы болууда. Ал эми жергиликтүү тургундардын пикиринде мыйзам өзгөртүлсө, элеттиктердин жашоосу бир кыйла өзгөрөт эле дейт.
2021 жылдын 10-январында өткөрүлө турган шайлоо, өлкөдөгү башкаруу ыкмасы президенттик же парламенттик болушу керек экени аныкталат. Референдумдагы бюллетенге үч суроо коюулат. Президенттик башкарууну, парламенттик баркаруубу же баарына каршы деген суроолор. Муну менен Кыргызстандагы башкаруу системасы аныкталмакчы.
Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча тандоом парламенттик башкарууну тандайт элем деген жеке ишкер Руслан Эшмамбетов төмөнкүлөргө токтоло кетти:
«Мен парламенттик башкарууну тандайт элем. Себеби, бийлик бир адамдын колунда болбой, башкаруу ар кимдин өз жолу менен башкарылышы керек деп эсептейм. Закондор ошол тарапта болуш керекдеген ойдомун. Ар бир жаран болобу, мамлекеттик ишкер болобу бир эле баш мыйзамга баш ийиш иш алып барыш керек. Биздин айылда көпчүлүгү президенттик башкарууну колдоп жатышат. Ар кимдин өз көз карашы болот экен».
Учурда саясатта аягышкан күрөш оорун алууда. Эки башка башкарууну көксөгөн тургундар көп. Мындан улам эл алдында катаал эки тандоо турат. Бул учурда шайлоо кандай жол менен өткөрүлөрү азыр бүдөмүк бойдон турууда. Себеби, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлө электигин айыл тургуну Жумакан Урсеитова билдирди.
«Шайлоого саналуу гана күндөр калды. Бирок, эмнегедир шайлоонун шарапаты жөнүндө карапайым элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлө элек. Себеби эски мыйзам иштеген жок, башкача айтканда түшүмүн берген жок. Биздин эл үчүн жаңы референдумду кабыл алган жакшы болот эле. Буга чейин чыгарган мыйзамдар кээ бир саясатчылар өздөрүнө ыңгайлаштырып жазып алышкан. Эл үчүн бир да мыйзам иштеген жок деп айта алам.»
Буга чейин бир да мыйзам эл үчүн иштеп келбегендигине байланыштуу 4-октябрдагы шайлоо жокко чыгарылды дейт айыл тургуну Рустам Курманбек уулу.
«Мен 7 жылдан бери Россияда иштеп келем. Себеби, Кыргызстанда жумуш орду жок болгондугуна байланыштуу. Буга чейин өкмөт мигранттардын жашоосу, ишине эч көңүл бөлгөн эмес. Жаңы жылда, жаңы мыйзамдар кабыл алынса, мигранттардын жашоосуна көңүл бурулса абдан жакшы болот эле. Негизинен мыйзам эл үчүн иштеш керек. Ал эми биздин өлкөдө мыйзам жалаң чоңдор үчүн гана иштеп келди».
Маек: Учкундагы саясий абал жана шайлоого даярдыктар
Гүлкайыр Осмоналиева