Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында жергиликтүү тургундар тарабынан мүрзөнүн 800м узундукту тузгөн айланасы толугу менен тосулду.Айылдын башчысы Кудайберген Руслановдун айтымында, бул иштин негизги максаты мүрзөгө мал кирип, тартип бузулушунун алдын алуу.


Тосуу иштерин 1981-жылкы муундагыларлан тарта 2003-жылкы муундагыларга чейинкилер тарабынан айланасын тосууга керектүү темир торлор жана мамылар алынып, ошондой эле тосуу иштерин дагы ар бир муундагылар аткарууга алышты. Мындан тышкары, бейиттин кире беришине көпүрө салуу, дарбаза коюу жана отуруп Куран окуп турганга бастырмача курулары маалым болду.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова