Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Шарыпбек Абдылдаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Алиппе” майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул майрам окуучулардын билим жолундагы алгачкы ийгиликтерин даңазалаган өзгөчө күн болуп, жогорку деңгээлде уюштурулду.

Иш-чарада окуучулар ыр-бий аткарып, жомоктордон жана Манас эпосунан үзүндү айтып беришти. Майрамга класстын жетекчилери Мейилкан Мүдүн кызы жана Шахризада Алмазбек кызы окуучулар менен бирге даярдык көрүшкөн.





Соңунда окуудагы жетишкендиктери жана активдүү катышкандыгы үчүн окуучуларга грамоталар тапшырылды. “Алиппе” майрамы окуучулар үчүн эсте каларлык маанайда өттү.