Кош-Дөбө айылындагы С. Шералиев көчөсүнө жаштардын демилгеси менен кечки шам чырактар коюлду.
Сулайман Шералив көчөсү
Жаштар иш учурунда
Айыл тургундары
Ал эми бул көчөдө жашаган 80 түтүн үй-бүлө 1650 сомдон каражат чогултуп беришкен. Кош-Дөбө Айыл өкмөтүнүн катчысы Калыйбек Меймановдун айтымында көчөнүн атын алып жүргөн Сулайман Шералиевдин небереси Улан Шералиев 70000сом акча каражатына демөөрчүлүк кылган.
Жаштар иш учурунда
С.Шералиев көчөсүнүн жаштары
“Жалпы 202миң сомго бир жарым чакырым узундуктагы көчөгө 37 даана түркүк 35 метр аралыкта орнотулду. Каражаттарды чогултуу, керектүү материалдарды сатып алып келүү жана орнотуу иштери көчөнүн жаштары тарабынан жасалды. Бул айыл тургундары үчун жакшы саамалык болду. Анткени жаштардын демилгеси менен айылды жарыктандыруу максатында “Жарык көчө” эстафетасы старт алды” дейт.
Лента кесүү аземинде айыл тургундары
Көчөнү жарыктандыруу үчүн лента кесилүүдө
Жарыкты жандыруу үчүн кызыл тасма кесилип, эстафета башка көчөгө узатылды.
Барчын Мамытбекова