Баетов айылы Ак-Талаа районунун борбору болгондуктан маданий, спорттук иш-чаралар райондук жана айылдык деңгээлде өтүп турат. Айыл өкмөт спорт тармагын өнүктүрүп, мелдештерге жана спортчуларга колдоо көрсөтүүнү негизги багыттарынын бири катары белгилейт.
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтымында спорт тармагын өнүктүрүү, бул тармакта иш алып баруу, мелдештерге, спортчуларга колдоо көрсөтүү негизги багыттардын бири.
Алмаз Абдылдаев Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
«Айыл аймакта спорт тармагын жандандырууга жаштар менен бирге аракеттерди көрүп жатабыз. Жаштардын бош убактыларын пайдалуу өткөрүү, сергек жашоо образын калыптандыруу, айыл аралык ынтымакты чыңдоо жана башка максаттарды ишке ашыруу үчүн спорт аянттарын, залдарды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Кулубай көчөсүндөгү Баетов айылына таандык көп убакыттан бери иштебей турган спорт зал жаштардын демилгеси менен оңдолуп түздөлдү. Ал эми жылуулук системасы үчүн 396 миң сом бөлүнгөн. Даталуу күндөрдө жаштар арасында кичи футбол, волейбол, жеңил атлетика жб. спорттун түрлөрү боюна мелдештер өтүп турат»,- дейт айыл өкмөт башчы.
Жаштардын демилгеси менен оңдолгон спорт зал
Майрамдар спорттук мелдештер менен коштолот
Айыл өкмөттө өткөрүлгөн спорттук иш-чаралардын бири
Ал эми Баетов айылынын тургуну Гүлжаз Капарбек кызы айыл өкмөт тарабынан командалардын мелдештерге катышуусу үчүн колдоо көрсөтүлүп келет дейт.
Теңир Тоо лигасында волейбол боюнча кыздар командасы байгелүү орун алган
«Быйыл Теңир Тоо лигасында Баетов айылынын атынан катышкан кыздар командасына колдоо көрсөтүлдү. Жыйынтыгында 1-орунду камсыз кылганбыз. Албетте колдоо бизге дем-күч берет. Негизи эле айылда спорт тармагын өнүктүрүүгө басым жасалышы керек».
Жаштар арасында дүйнө биринчилигинин күмүш медалынын ээси Калмира капарбек кызына 100 миң сомдун сертификаты тапшырылган
Бейшеналиев атындагы инновциялык орто мектебиндеги кичи футбол аянты жакында колдонууга берилет
Мындан сырткары спортто дүйнөлүк аренада күмүш медалга ээ болгон Калмира Капарбек кызына жергиликтүү бюджеттен 100 миң сомдун сертификаты тапшырылган. Ошондой эле Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде кичи футбол аянтынын ачылышы болгону турат.
Барчын Мамытбекова