Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңеши 2021-жылдын апрель айынан шайлоо аркылуу тандалып, май айында мандат алышкан. Жалпы 31 депутат 7 туруктуу комиссияга бөлүнүп иш алып барышат. Ушул учурга чейин 7 сессияга чогулушуп, ар тармактуу маселелерди карашкан.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Жергиликтүү кеңештин төрөгасы Акимбек Алибаев: «Кышка даярдык боюнча мектептерге, бала бакчаларга кышка эмнелер керек болсо толукталсын деп каражат бөлүп бердик. Биздин максатыбыз айыл өкмөттө депутаттардын эмне иш кылып жатканын көзөмөлдөп туруу. Дарыканаларда, ооруканада, мектептерде кандай көйгөй болбосун айыл өкмөткө жеткирип, ошол көйгөйлөрдү чечип келе жатабыз. Жылдын аягында сессия болот, ошол сессияда 2021-жылы өкмөт эмне иш аткарылгандыгы боюнча отчёт берет. Кулатов айыл өкмөтүндө спорт комплекси жок эле, азыр спорт комплексинин курулушу башталды. Мындан сырткары Кожо-Арык айылында жаңы бала бакча курулууга даярдык болуп жатат. Таш-Булак айылында чоң жолдорду асфальттоо иши башталып жатат».
Жергиликтүү кеңештин депутаты Гулмира Тажибаева: «Депутат болгондон кийин ар бир айылдарда ар кандай көйгөлөр чыгып, кайрылуулар көп болот экен. Ошондой көйгөйлөрдү чечип келе жатабыз. Жыл ичинде өзүбүздүн «Жал» ооруканасында иштеп жаткан жаш врач Алтынай Каратаевага аптека куруу үчүн ижарага жер бердик. Азыркы учурда ал аптека ооруканага курулуп жатат. Аз камсыз болгон Ак-Терек айылынын эки тургунуна да арыктарды оңдоо боюнча 500 кг цемент берилди».
Жергиликтүү кеңештин депутаты Ибрагим Мадалиев: «Аягына чыгардык деген жумуштардан мисалга алганда Акча айылында 70 орундуу бала бакча толугу менен бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Баглан айылында кичи футбол аянтчасы дагы бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Андан сырткары Кызыл-Булак айылында спорт комплекси курула башталды.
Таңнуру Жалалова, Чынара Нурманова