Быйыл аба-ырайынын эрте суукташы өлкөдө көмүргө болгон суроо-талапты жаратты. Көмүрдүн баасы кымбаттап, айыл тургундарын кыйын кырдаалга кептеп турган маалы. Кымбат болсо дагы кышы катаал Суусамырдын айылдарына көмүрдүн жетпей жаткандыгы айыл тургундарына көйгөй жаратты.
Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейиткулов айылдарды көмүр менен камсыз кылуу максатында Кара-Кече көмүр кенинен көмүр алып келип элдерге арзан баада таратты. Айыл өкмөт башчысы 15 камаз прицеп, 2 зил машина менен жалпы 370 тоннадан ашык көмүр келгенин билдирди.
Айыл элине сапаттуу көмүрдүн келиши жакшы жаңылык болду дейт Суусамыр айылынын тургуну Жоомарт Келдибеков. Электр энергиясын үнөмдөө үчүн айыл тургундары отун, тезек жагып жаткандыгын билдирген Жоомарт мырза, көмүр жагалы десек ал тартыш дейт.
«Айыл өкмөт элдин сунушуна макул болуп, айыл элине көмүр алып келип таратты. Сапаты жакшы экен. Бул Суусамыр өрөөнү үчүн абдан маанилүү. Анткени, суук катуу болот. Быйыл көмүрдүн баасы кымбат болуп жатат. Көмүр кени кечирээк ачылгандан болсо керек. Суук да эрте болуп тургундарды түйшүккө салды. Көмүр келгени менен жетпей, баасы да кымбат болуп кетти. Айылдагылар үйлөрүн отун, тезек менен жылытышат. Азыр электр энергиясын дагы үнөмдөөгө туура келип жатат. Бирок, көмүр болбосо болбойт. Анткени Суусамыр айылында суук 40 градуска чейин болот. Кымбат болсо дагы алып жатышат».
Айылга көмүрдүн аз келип жатканына жергиликтүү тургундар кабатыр. Алардын арасында айыл тургуну, пенсионер Алиман Бурканбаева дагы бар.
«Быйыл суук эрте болуп биздин айылга көмүр келбей, келсе дагы кымбат болууда. Баасы төрт миң сомдун тегерегинде… Келген көмүрлөр кымбат болсо дагы эл алып, жетпей жатат. Жергиликтүү эл бул көйгөйлүү маселе менен айыл өкмөткө кайрылганбыз. Биздин көйгөйдү эске алып, айыл өкмөт өзү барып көмүр алып келип айылдагыларга таратты. Ар бирибиз бир тоннадан көмүр алдык. Мен үйүмдү жалаң көмүр менен жылытам. Көмүрдүн баасынын кымбат болушу күйүүчү майдын жана унаанын тетиктеринин кымбатташынан улам болууда деп ойлойм. Азыркы убакта баардык нерсенин баасы көтөрүлүп жатат. Эми кымбат болсо дагы көмүрдү алганга туура келет. Анткени биздин Суусамыр айылында кыш суук болот жана алты айга созулат», — дейт пенсионер.
Азиза Тамчиева