Суусамыр айыл өкмөтүнүн бюджети салык түрлөрүнөн түзүлөт. Ошондой эле өкмөттүн теңдештирүү гранты менен толукталат. Ал эми айыл аймактагы бюджеттин аткарылышы кандай? Бул тууралуу «Ачык өкмөт» уктуруусунан уга аласыздар.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Суусамыр айыл аймагындагы айылдарга 2021-жылдагы бюджеттен канча каражат бөлүнгөндүгүн жана канча пайызга иштер аткарылгандыгын айыл башчылар айтып беришти.
Тунук айылынын айыл башчысы Авазбек Союзпахтал уулу:»Биздин Тунук айылына бюджеттен 2021-жылга 5 млн 255 миң сом бөлүнгөн. Пландалган иштер азыркы учурда 80%га аткарылды».
Кожомкул айылынын айыл башчысы Бакыт Мураталиев: «Кожомкул айылына жергиликтүү бюджеттен 480 миң сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн. Кожомкул айылында 90%га иштер аткарылды десек болот».
Кайсар айыл аймагынын айыл башчысы Талгат Бактыбек уулу: «Кайсар айылына 2021-жылга бюджеттен жолго деп 400 миң сом жана мектепке фапка деп 600 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Баардык иштер азыркы күндө 100%га аткарылып бүттү».
Айыл өкмөттүн бюджети кандай каражаттардан түзүлөөрүн жана жалпы 3-кварталга карата бюджеттин аткарылышын Суусамыр айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Элмира Такырбашева төмөнкүдөй айтып берди.
«Биздин айыл өкмөттүн бюджети салыктардан, ыктыярдуу патенттен, ижарага берилген жерлердин акысынан, кен чыккан жерлерди иштетүүдө лицензиялардан түшөт. Андан тышкары дагы мамлекет тарабынан теңдештирүү гранты берилет. Быйылкы жылга 9 млн сом тегерегинде акча түштү. План боюнча берилгени 8 млн 734 миң сом. Ал эми аткарылганы факт боюнча 105,1% аткарылды».
Азиза Тамчиева