Кыргызстанда 9,1 млн гектар жайыт жерлери бар. Анын ичинен 30 356гектар аянты Баетов айыл аймагына тиешелүү. Бул жайыттарга 15 миңге жакын майда жандык, 5 миңдин тегерегинде бодо мал жайлайт. Аталган аймактын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев жайыт маселеси тууралуу маалымат берди.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
«Малдын саны жылдан жылга көбөйүп баратат. Бул сөзсүз жайытка зыянын тийгизет. Жылда эле мал бир жерге чыга берсе жайыттын оту малдын туягынан зыян тартат. Бизде 2 чоң Орто-Сырт жана Арпа жайлоолору бар. Көп учурда Орто-Сыртка жайлашат. Эгер бадачылар, малчылар туура түшүнсө эки жыл Арпа жайлоосуна жайлашса жакшы болмок», — дейт айыл өкмөт башчы.
Жайыт комитети жайытты иштетүүнүн планын иштеп чыгып, аны бекитүүдөн тышкары жайыт пайдалануучулардан акы чогултат жана аны максаттуу жумшоо иштерин да жүргүзөт . Баетов айылындагы жайыт комитетинин төрагасы Медер Асаналиев быйыл бир топ иштер жасалды дейт.
“Бадачылар жайлоого кетчү жолдор оңдолду. Ошондой эле малдар дыйкандардын эгин талааларына кирип зыянга учуратпасын деп мал ээлерин чогултуп, тосот тостук. Негизи жолдорду жыл сайын оңдойбуз. Анткени суу жеп кетет. Мындай учурда бадачылар көчө албай калат. Бул иштер жайыт комитетинин каражатынан жасалды”.
Жайыт маселелерин чечүү жайыт акыга чогултулган салыктын эсебинен жүргүзүлөт. Майда жандыкка бир жылга 14 сом, бодо малга 70 сомдон жайыт акы алынат. Эгер каражат таба алышпаса анда жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү маселеси жаралат. Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтымында жайыт комитетинин ишине көмөк көрсөтүүгө даяр.
“Жайыт акы убагында чогултулса, комитет өздөрүн өздөрү каржыласа бюджетке пайда. Быйыл жайыт акы өз убагында чогутулуп, максаттуу пайдаланылды. Ал эми жергиликтүү бюджеттин каражатын айылдын башка муктаждыктарын чечүүгө жумшаса болот.”
Айылда жашаган ар бир адам жайыт ээси боло алат. Болгону ал жайытка чыга тургандыгын кабарлап, жайыт белетин алууга арыз жазышы керек. Белетте качан, кайсы жайытка чыгаары тууралуу да так жазылууга тийиш. Медер Асаналиев бул тууралуу мындай деди.
“Бизге арыз жазат. Биз карап көрүп, кайсы жайытка чыгат, канча гектар жер берилет, малдын санына жараша анан жайыт бөлөбүз. Ал ошол жайыт жер үчүн жоопкерчиликтүү”.
Кыргызстандын дээрлик 50% аймагын жайыттар түзөт. Демек, мал жайылган жайыттардын ролу Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ. Андыктан жайытты туура пайдаланууга үйрөнөлү.
Барчын Мамытбекова