Жылдыз Арыстанбек кызы учурда Европада билим алат. Ал билим берүүчү «Zhyldyz Academy» аталышындагы академия ачып, ал жерден окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдап жана англис тилин үйрөтчү. Бул жолу чет өлкөдө билим алгысы келгендер үчүн кантип туура тапшыруу керектигин үйрөтүүчү курс баштаганы турат.
Жылдыз Арыстанбек кызын көрүп чет өлкөгө окууга барууну каалагандар кантип тапшыруу жол жоболорун сурашат. Аларга кайсыл жерден тапшырууну айткан менен документтерди туура толтурууну билбегендиктен 1-турда эле 70% өтпөй калат. Мындан улам ийгиликтүү мотивациялык кат, рекомендация, резюме жана башка керектүү документтерди жазууну үйрөтүүнү чечтим:
“Мен буга чейин көп өлкөлөрдө билим алып келгем, грантарды утуп алгам, конференцияларга катышкам, андан сырткары кыска убакыттагы жайкы окуулардан өткөм. Алар туурасында пост кылып жазганымда аябай көп адамдар программаларга катышкысы келет экен. Кайсыл жерге тапшыруу керектиги менен бөлүшүп койгонум менен документтерди тапшырууда ийгиликсиз болуп калып жатты. Себеби, даярдыксыз же системадан ката кетет, рекомендациялык катты туура эмес кишиден алып коюшат же болбосо документтерин толук эмес жөнөтөт, кайда барып алуу керектигин билишпейт. Ушул сыяктуу каталар кетет. Ушул сыяктуу көп адамдар жазып жардам сурашат. Албетте, алардын бардыгына жазып түшүндүрүүгө убакыт жетпей калат. Алардын суранычы менен дагы бул курсту ачтык десем болот.”
Курска кимдер катышса болот?
Аталган курс 5-декабрь башталып, 20-январь аяктайт. Катышууну каалгандар өзүнө ыңгайлуу убакытты тандап алса болот. Мисалы: дүйшөмбү/бейшемби, шейшемби/жума же шаршемби/ишемби. Курска 16 жаштан жогорку адамдар катыша алат. Англис тилин билгендер бир жарым айлык курстун алкагында чет өлкөгө тапшырып өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар:
“Көпчүлүк адамдар даяр мотивациялык кат даярдаган компанияларга кайрылышат. Аларга 2-3 миң долларга чейин акчасын коротот. Бул өтө көп деп ойлойм. Себеби, биринчиден алар даяр кылып жасап бергени менен эгер башка университетке тапшыра турган болсоң кайрадан акча төлөп жаздырууга туура келип калат. Өзүңүз үйрөнгөнгө чейин мындай кылууга керек болот. Ал эми биздин курстун уникалдуулугу кыска убакыттын ичинде анчалык көп акча коротпой эле курстун маңызын, бирөөгө көз каранды болбой башка программаларга тапшырууга үйрөтөт.”
Бул материалдарды дагы окуп көрүңүз:
Флоридадагы кыргыз студенти окууга жеңилдикти кантип алды?
Окуучулардын муктаждыктарын орундаткан студент кыз
Айгерим Кубатбекова