Барскоон айыл аймагында “Миң күндүк үй-бүлөнүн мыкты чарбасы” аталышындагы кароо-сынак уюштурулду. Сынак “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана азыктандырууну жакшыртуу” долбоорунун жамааты менен биргеликте жүзөгө ашты.

“Миң күндүк үй-бүлөнүн мыкты чарбасы” аттуу кароо-сынак
Кароо-сынакка APNIP долбоорунун мүчөсү Жамиля Добаева, райондук айыл чарба департаментинин башчысы Кубатбек Ашыров, айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлери, айыл тургундары жана мекеме, ишканалардын жетекчилери катышты.
“Миң күндүк үй-бүлөнүн мыкты чарбасы” аттуу кароо-сынакка Барскоон айыл аймагындагы 8 үй-бүлө катышып, долбоордун коюлган талаптарына жараша алган упайлардын негизинде жеңүүчүлөр аныкталды.
Аталган долбоор үй-бүлөлөрдүн туура тамактануусу, ар бир жаран өз ден-соолугуна туура кам көрүүсүн максат кылат. Сынактын жеңүүчүсү, айыл тургуну Адилет Илгедеев долбоордун жаш үй-бүлөлөр үчүн пайдасы зор экендигин билдирди.

Сынактын жеңүүчүсү Адилет Илгедеев
“Мен үй-бүлөм менен бул долбоорго үч жарым ай аралыгында катышып жеңүүчү болдук. Кайсыл жашылчада витамин көп, аларды кандай сакташ керек жана кайсыл учурда жеш керек экендигин билип алдык. Биздин үй-бүлө жеңүүчү болгондугубузга байланыштуу 100 литрлик муздатчкыч берилди. Биз ага жашылчаларды тоңдуруп кыш мезгилинде тамак-ашка кошуп пайдаланалы деп жатабыз”.
Толук кандуу тамактануу жана аз кандуулукту алдын алуу, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин көтөрүү максатында уюштурулган иш-чарага долбоор алкагында даярдалган белектер ыйгарылган.
Ошондой эле, айыл өкмөттүн бюджетинен каржылык колдоо көрсөтүлдү дейт айыл өкмөт башчысы Бакыт Асанов.

Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Бакыт Асанов
“Жергиликтүү бюджеттен жеңүүчү үй-бүлөлөргө акчалай сыйлык берүүгө беш миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилди. Ал эми долбоор тарабынан кызыктыруучу белектер жана “Үлгүлүү үй чарбасы” аталышындагы таблолор тапшырылды”.
Сынактын жыйынтыгы менен 1-орунду 25 балл эсебинде Барскоон айылынын тургуну Адилет Илгедеев үй-бүлөсү менен утуп алды. Ал эми 2-орунду айыл тургуну Тилек Рысмендеев үй-бүлөсү менен 22 балл эсебинде багындырып, төрт миң сомго ээ болду. А.Бапиев 20 балл менен 3-орунду багындырып, миң сом жана үй оокатына керектүү белектер берилди.
Гүлкайыр Осмоналиева