Мугалимдик кесипти ар бир адам эле аркалай албайт. Анткени, көпчүлүгү канча бир убакыт өткөн соң “бук болуу” сезимине кабылышат. Бара-бара кыйынчылыктардан улам бул кесиптен көңүлү калып баштайт. Алар да өнүгүп, билимин жаңыртып турушу керек дейт “MUGALIM” онлайн мектебинин менеджери Мээрим Чукаева.
“MUGALIM” онлайн мектебинин менеджери Мээрим Чукаева
— Мугалим онлайн мектебинин түзүлүүсүнө эмне себеп болду?
— Коронавирус илдетинен улам 2020-жылы өлкөдө карантин болуп, бардык мектептер онлайн билим берүүгө өткөн. Ошол учурда көптөгөн мугалимдер мурда эч башынан өткөрбөгөн кыйынчылыктарга туш болду. Биз ошондо ыктыярчылык түрдө бир канча мугалимдерге жардам берели дедик. Биздин эсеп боюнча 200-300 мугалим келет болчу. Бирок, социалдык медиа аркылуу кетирген жарнамабызга бизге миңден ашык билдирүү келип түштү. Ошондо, көп мугалимдердин жаңы билим берүү системасынан улам кыйналып жаткандыгына күбө болдук. Андан кийин атайын Германия жана Жапониядан эксперттер менен курсттарды түзүп, миңдеген мугалимдерге онлайн сабак өтүү анын ичинде zoom, google classroom тууралуу акысыз курсттарды үйрөттүк. Сабактар санарип билим берүүгө байланыштуу болду. Ошондой кадамдар менен биздин онлайн мектеп келип чыкты.
— Азыркы учурда мектептер салттуу билимин улантып жатышат. Бүгүнкү күндө мугалимдер үчүн онлайн мектептин актуалдуугу канчалык?
— Дагы да болсо актуалдуу. Анткени, мугалимдер дагы көп нерсени үйрөнгүсү келет, жумушта дагы бийик баскычтарга жеткиси келет. Бирок, бир жерге барып билимин тереңдетүүгө учурда убактысы жок. Ошондуктан, биздин мектеп онлайн. Аларга ыңгайлуу убакыттарда сабактар берилет. Тапшырмасын бош убактысында кылса болот. Ошондой эле вебинарлар болот. Аны ар бир мугалим менен жекече сүйлөшүп, ылайыктуу убакытка коебуз.
— Мугалимдер үчүн кандай сабактар өтүлөт?
— Азыркы курстарыбызда мотивация, санарип педагогика, нейропедагогика, психология жөнүндө сабактар өтүлөт. Биздин сабактарда окуучулар менен кантип сапаттуу мамиле түзүү керек, жакшы окубаган окуучуга кантип мотивация берүү керек ж.б темаларда болот. Ошондой эле мугалимдердин ичинен өзүнүн онлайн курстарын ачкысы келгендер бар. Аларга кайсы платформаларга катталууга болот, кантип курсттарын интернет айдыңына чыгаруу керек, анын дизайн жана шаблону түзүү ж.б тийиштүү нерселерди үйрөтөбүз.
— Учурда сиздердин онлайн мектепке катышып жаткан мугалимдердин саны канча?
— Биз 3-ирээт курсту өткөрүп жатабыз. Ар бир топто 50-60 мугалим болот. Бул негизинен мугалимдерди колдоого жана алардын билим деңгээлин жакшыртууга, карьерасында бийиктиктерге умтулууга багыттаган социалдык мектеп. Биздин башкы максатыбыз акча табуу эмес, көп мугалимдерге биздеги маанилүү жана керектүү маалыматтарды жеткирүү. Бирок, акысыз нерсени тузу татыбайт демекчи, бир аз суммадагы баа коюп койдук. Анын суммасы 1 чөйчөк кофе ичкенге барабар.
— Мугалимдик кесип көп эмгекти талап кылат. Ошол эле учурда мугалимдердин чарчап, айрым учурда жумушунан тажап калгандары да бар. Мугалимдер өзүнө – өзү колдоо бере турган психологиялык сабактар барбы?
— Бул кесипти ар бир адам эле аркалай албайт. Анткени, көпчүлүгү канча бир убакыт өткөн соң “бук болуу” сезимине кабылышат. Бара-бара кыйынчылыктардан улам бул кесиптен көңүлү калып баштайт. Ооба, балдарды жакшы көрөт, келечек үчүн жакшы билим бергиси келет. Бирок, жумушунан чарчаган мугалимдер кеңири кездешет. Албетте, биз мугалимдер менен иштешкендиктен аларды кантип колдоо керек, кандай сабактарга муктаж экени бизге маалым.
— Курстарга катышып жаткан мугалимдер кайсы аймактан? Сабактар кайсы тилде өтөт?
— Буга чейин биздин сабактар орус тилинде болчу жана катышкан мугалимдердин басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынан эле. Ал эми азыр Ысык-Көл, Ош, Баткен ж.б аймактардан дагы биздин сабактарга катышып жаткан мугалимдер бар. Келе жаткан жылы аймактарга көбүрөөк басым жасоону пландап жатабыз. Ошондуктан, ушул декабрдан тарта бардык курстарыбызды кыргыз тилине которуп жатабыз.
Касиет Кубанычбек кызы
Престиж же муктаждык: эмне үчүн аймактардагы абитуриенттер мугалимдик кесипти тандашат
Элеттик мугалим мектепте саат жетишпей жеке курстарын ачкан
Мугалим: Учурда балдардын информатика сабагына кызыгуусу күч