Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен айылынын 32 жаштагы тургуну Айша Сыдыкова 3кыздын апасы. Ал ата-энелер онлайн курсунун бүтүрүүчүсү. kyrgyzmedia.kg сайтына берген маегинде бала тарбиясы, энелер мектеби туурасында айтып берет.
Айша Сыдыкованын балдары сабак окуп жатышат
Саламатсызбы, ата-энелер онлайн курсуна катышууну кантип чечип, эмне болуп бул курска катышып калдыңыз?
Биз жолдошум экөөбүз мигрант болуп Россияда иштеп жүргөндө эс алууга келип калдык. Ошондо улуу кызымдын эжейи чогулушка чакырган. Ата-энелер чогулушунда Гапыр Мадаминов агай Орозбеков мектебине келген экен. Ошол жолугушууда балдардын тарбиясы ошол тапкан байлыкка караганда өтө маанилүү. Силер канча материалдык байлык таап балдарды бардык нерсе менен камсыз кылганыңар менен булар чоңойгондо толук мээрим ала албай анын ордун акча менен толтуруу мүмкүн болбой калат деген пикирин билдиргенде мага өтө таасирин тийгизген. Ошол кезден баштап мен чет өлкөгө барып иштөөнү токтотуп балдарга көңүл бурууну баштадым. Чындап эле байкасам кыздарым менен ортодо эне-бала байланышы суздап, алар менен көп сүйлөшпөй ички дүйнөсүн терең билбей калыптырмын. Ошол себептен ата-энелер үчүн китептерди окуп, сабактарына катышып баштагам.
Аталган курс сизге кандай пайдасын алып келди, кандай өзгөрүүлөр болду?
Биздин үйдө мурда мен өзүм эле китеп окуп жүргөн болсом, азыр кыздарым жолдошум үй-бүлөбүз менен чогуу окуйбуз. Мурда мен курстарда окуйм десем жолдошум көп көңүл бурбай каршы болгондой болчу. Ал эми ата-энелер үчүн сабак алып жатканда ал балдарыбыз үчүн пайдалуу болуп жатканын көргөндөн кийин азыр сабак башталарда балдарды карап туруп мага көңүл коюп окуганыма шарт түзүп берет. Курстан кийин биздин жашоодо режим менен жашоо башталды.
Бош убакыт болгондо эмне менен алек болууну билбей калбастан сабактан тышкары китеп окуу, ар кандай көнүгүүлөрдү иштөө, жомок айтуу, китеп окуп айтып берүү сыяктуу нерселер менен убакыт өткөзүп калдык. Мен башында 2 кызымдан улам көп нерседен кечиккен окшойм деп кабатырланып жаттым эле бирок, акырындап сабакка болгон кызыгууну ойготуп жолго салып келе жатабыз десем болот.
Дагы бир жагдай жараткандын алдында жашырбаган нерсени инсандын алдында жашыруунун кажети жок, мен бүгүнкү күндө мен экинчи турмушта жашайм. Жолдошумдун биринчи аялы каза болуп калып анын 2 баласы биздин колдо мындан улам алардын тарбиясына дагы көңүл буруу, жакындан таануу, мээримдүү болуу аракетим бул курстан алып жатам.
Негизи адатта бала тарбиясы боюнча китептерден болобу башка материалдарды окуганда ата-энелер аны практика жүзүнө ашыруу кыйын деп айтышат. Сиз бул курста үйрөнгөнүңүздү кантип иш жүзүнө ашырдыңыз?
Ооба туура айтасыз, биз көбүнчө сөз менен тарбия бегенди жакшы көрөт экенбиз. Бирок, бул сабактар биз кадимки жашоодо пайдалануу мүмкүн болгон кеңештер. Андыктан пайдаланып жатабыз деп ойлойм. Бул окуудан кийин мен баланы салыштырбоого өтүп баратам. Мисал катары мындай кылгандар мындай жыйынтыкка келет деп түшүндүрүүнү адат кылып алдык.
Бала тарбиясында аларды мындай кыл, тигиндей кыл дегенге караганда өзүбүз аткарсак бизди ээрчип кетет экен. Өзүм үчүн атайын дептер ачып алып 10 күн сайын анлиз жүргүзүп жатам.
Ата-энелер онлайн курсунун артыкчылыгы ушунда деп ойлойм жалгыз китеп окуп үйрөнгөнгө караганда башкалардын тажрыйбаларын угуу баарлашуу аркылуу чечим чыгаруу, анализ кылуу натыйжалуурак болду.
Бала тарбиясында мурда кандай ката, кемчиликтер кетип жатканын байкадыңыз?
Биз балдарыбыздын курсагын тойгузуп кийим менен камсыз кылганыбызды аларды тарбиялап жатабыз деп ойлойт экенбиз. Негизи алардын келечекте мыкты инсан болуп , өз алдынча жашап кетүүсү үчүн жан дүйнөсү бай кылганга аракет кылышыбыз керек экен. Бизге дагы ата-энелерибизден толук кандуу тарбия берилбегенин байкайм. Ошол нерселер балдарыбызга өтпөсү үчүн аны толуктап алардын ой-пикирин угуп, алардын пикири менен дагы эсептешүү зарылдыгын түшүндүк.
Ошондой эле балага карата жаман адаттардан, пайдасыз тамак-аштардан жебегиле деп эч кандай түшүндүрмөсү жок эле тыйып жаткан болсок азыр кандай кесепеттерге алып келерин түшүндүрүп бергенге өттүк. Мындай жол менен алар дагы өз тандоосун кылып ансыз деле биз каалагандай болот экен.
Башкаларга сунуштайт белеңиз? Эмне үчүн башкалар дагы окуш керек деп эсептейсиз?
Бул сабактарды ар бир ата-эне окуса деп каалайт элем. Өзгөчө айыл жериндегилерде абал жакшы эмес. Бизде балага көңүл буруу 95% жокко эсе. Мугалим ата-энеге, ал эми ата-эне болсо мугалимге шылтап, ортодо топ сыяктуу тебилип жаткан балдар көп. Ата-энелер пайдасыз нерселерге ысырапкорчулукка көп жол берип жатышат.
Кээде айрым ата-энелердин башка нерселерге акчасын оңой эле ал эми баласынын билимине керек болгон окуу куралдарына сараң болгондорун көрүп зээним кейип кетет. Андан көрө онлайн жеткиликтүү болуп жаткан ата-энелер үчүн курстардан билим алышса көп маселелер чечилмек.
Айгерим Кубатбекова