Турдүү оору же мал ылаңдаган учурда антибиотиктерди колдонууда эске алуучу жагдайлар бар. Маселен анын сүтүн ичип, этин жегенге болбойт. 21 күндөн кийин гана пайдаланууга мүмкүн. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов бул туурасында айтып берет.
Көпчүлүк фермер, мал багуучулардын кетирген катачылыгы кайсы антибиотик кандай ооруга колдонуулары туурасында жакшы билбей туруп пайдалана бергендиги. Ветеринардык дарыгердин жардамы жок өздөрү былтыр, мурдагы жылы колдонгон дары-дармектерди колдоно беришет. Өз алдынча антиботиктерди колдонуу эмнеси менен коркунучтуу экенин Дайыркул Саткынов мындайча түшүндүрөт:
“Биздин практикада ар бир мал ээси ветеринардык дарыгерге барып жүрбөйт өз алдынча эле бул ийнени саю керек, тиги дарыны берем бицилин саюу керек деп эле колдоно беришет. Ветеринарга кайрылып анын сунуштамасы менен гана колдонуу натыйжалуу.
Туура эмес колдонууда малдын микрофлорасы антибиотиктерге туруктуулукту пайда кылып башкача айтканда малдын организми ал препаратка көнүп калып натыйжасын бербей калат. Ошондой эле антибиотиктер бактерияга каршы преперат болуп саналгандыктан оорунун турүнө жараша гана пайдалануу зарыл. Мисалы: шарп, сибир жарасы, майда малдын күл ылаңы, кыргын ылаңы жана өпкө сезгенгенде колдонулат.”
Ооруган малга антибиотиктердин 30дан ашык тобу 200гө чукул дары дармектер колдонулунат. Андыктан кайсы ооруга кайсы антибиотик натыйжалуу экендигин ветеринардык дарыгер гана туура аныктай алат.
Мал кыштан жакшы чыгуусу үчүн азыр прафилактика жүргүзүү керек
Кыш келип, жердин барын кар, тоң басты. Талапка ылайык мал короого колго кармалып баштайт. Бул учурда фермерлер малдын организим тазалап, курттар болсо өлтүрүү аракетин көргөнү жакшы. Гелмит курттарына каршы бир сыйра албендазоль берүү же койлорго ивермек сайдырып койгон жакшы. Малдын тоютка болгон табити жакшы болуп жазга жакшы барат. Себеби айрым учурларда тоют кенен болсо дагы курттардын айынан мал жакшы тоюттана албай арыктап жазда көтөрүм болуу ыктымалдуулугу жогоруу болот.
Материалга тектеш маалыматтар:
Элеттик мал доктур операцияларды жасайт
Уй тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?
Мал ылаңдарын алдын алуу абзел
Айгерим Кубатбекова