Биз бүгүн өспүрүмдөр арасындагы суицид туурасында сөз кылабыз. Балдардын бул кадамга баруу оюн кантип билип алдына алса болот, аларга кандайча жардам көрсөтө алабыз ушул жана башка суроолорго психолог Алтынай Кариева жана учурда Франциянын Лион шаарында психолог болуп эмгектенген Зейне Кудайбергенова айтып берет.
Психолог Алтынай Кариева өспүрүмдөр суциди өзгөчө топко бөлүнүп турарын белгилейт. Бул балдардагы гормоналдык, физиологиялык жана психологиялык өзгөрүүлөр жүргөнү менен байланыштуу. Бул мезгилде айрым балдар өтө ачуулуу болуп агрессиясын көбүрөөк көрсөтсө, кээ бирлери тескерисинче өзү менен өзү болуп, түнт болуп кетет. Бул ар бир адамда жекече болот айрым балдарда билинбей эле бул курак өтүүсү мүмкүн:
“Суцид негизи оору катары саналат. Башка өлкөлөрдө бул багытта атайын адистик суцидолог деген кесип бар. Алар суцидди алдына- алуу, андан кийинки учурларда иш алып барышат. Мисал үчүн, өспүрүм суцидге барып бирок ишке ашпай калса аны менен иштешет же андай кадамдар башталып жатса, алдын- алуу максатында аракет көрөт. Бизде андай жок, суцидге барган же барайын деп жаткандар менен психиатр иш алып барат.”
Суцид 2ге бөлүнөт
Биринчиси табийгый (чыныгы) суицид. Мунун дагы көп факторлору бар анын ичинде бала көптөн бери зомбулукка кабылып, депрессияда жүрүүсү мүмкүн. Чыныгы суицид учурунда өспүрүм көп убакыт эч кимге айтпай даярданат. Көпчүлүк учурда бул ишке ашат.
Экинчи түрү бул- бала өзүнө көңүл бурдурууну каалоосу. Эл көзүнө көрүнүп бир нерсе кылбай анын каалоосун аткарбай койгондо коркутуу иретинде жасашы дагы мүмкун. Бирок, бул учурда дагы өзүнө көңүл бурдургусу келип жатат деп ага көңүл бурбай койгон туура эмес. Бала жөн эле коркутуп коем деп ойлогону менен абалды көзөмөлдөй албай кырсыкка учурашы мүмкун. Суицид бул мага жардам бергиле деген коңгуроо. Андан кандай бир аракеттерди байкасаңыз сөзсүз жардам берүү керек.
Учурда дагы өтө бир маанилүү фактор социалдык медиа. Азыр балдарда ар кайсыл жердеги адамдар менен баарлашуу мүмкүнчүлүгү бар ошол убакта оюндан от чыгат болуп виртуалдык дүйнөдөгү досу айтып берген нерсени кылып көрүүсү ыктымал. Ошондо бала ал учурду толук көзөмөлдөй албай калып кырсыкка учурашы мүмкүн.
Ата-энелерге кеңеш сунуштар:
Баланы тарбиялоо стилин өзгөртүү — катуу кармагандан, жумшак, «достук» стилине өтүү.
Көпчүлүк ата-энелер бала менен кантип достой мамиле кылмак элек деп ойлошу мүмкүн. Бул деген ишеним, доско сыр айтса ал эч кимге айтпайт, дайыма түшүнүп, жардам берет, кеңешин айтат дегендей мамиле туурасында айтып жатам.
Күнүнө жок дегенде 15-20 мин сүйлөшүү (диалог, сурак эмес)
Бала менен өспүрүм убакта тыгыз байланышта болуу керек. Сүйлөшүп анда эмне болуп жатканына кызыгыңыз. Бирок, кечке эле андан эмне кылдың, ким менен сүйлөштүң деген сыяктуу сурак катары болсо натыйжа бербей калат. Диалого баруу керек, өзүңүз жөнүндө, сезимдериңиз туурасында айтып бериңиз.
Балаңыздын достору менен тыгыз мамиледе болуңуз анткени бул учурда достук буларга өтө маанилүү.
Анын чөйрөсү өзгөчө мааниге ээ. Ал кимдер менен достошуп, эмне кылып жүргөнүн билиңиз.
Социалдык медианы туура колдонгонго үйрөтүү.
Ал интернеттен эмнени көрүп, кимдерге катталганын, кайсы видео/сүрөттөргө лайк басаарын байкап туруу. 16 жашка чейин балаңыз инстаграмга киргенге болбойт.
Кандай музыка, сүрөт, анимэ көрөрүн кабар алып туруу
Балага анда кандай гана кыйынчылык болбосун сизге кайрылып келсе жардам берериңизди айтып туруңуз. Бала ата-энесинен коркпошу керек. Убак убагы менен баланын денесине зыян тийгизбегенине маани берүү. Мисалы, кол жагын жаап алса же бутун байлап жүрсө. Балким ага мектептен же башка адамдар опузалап, кордук көрсөтүп жүргөндүр ал сизге айта албай жашырып жүргөн болушу мүмкүн.
Ошондой эле, Алтынай Кариева балаңызда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп маанайы өзгөрүп, кийингени, баскан турганы башкача болуп калса “кыялын көргөзүп жатат”-деп койбостон убагында жардам берүү зарыл экенин белгилейт.
Психолог Зейне Кудайбергенова баланын суицидге баруу тууралуу оюн сөзсүз эле мугалим, психолог же атайын адис эмес ар бирибиз көңүл коюп уга билсек байкай аларыбызды айтат. Болгону анын мүнөзүндөгү өзгөчөлүктү эске алган туура. Андагы бир эле көрүнүштү байкап суицидге барган жатат окшойт деп ойлогон туура эмес.
Сөзүнө көңүл буруңуз
Ал кээде ачык эле өлгүм келип жатат же жашоодон тажап кеттим, кандай кылышты билбей калдым, жакында менден кутуласыңар деген сыяктуу сөздөрдү айтышы мүмкүн.
Жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөр
Балаңыз туруп туруп эле башкача боло баштаганы. Мисалы: мурда ачык айрым балаңыз эми тартынчаак болуп калса. Өз бөлмөсүнөн чыкпай мурда сиз менен баарлашып жаңылыктары менен бөлүшсө бул учурда антпей калса күмөн санасаңыз болот. Ошондой эле, табити тартпай тамак жебей же уктабай калышы мүмкүн, өзүн жакшы карабай кийимине көңүл бурбай, өзү үчүн кымбат болгон буюмдарын башкаларга жөн эле берип койгон учурларды байкаса болот. Аны менен катар эле кырсыкка алып барчу кадамдарды жасап калуусу мүмкүн: бийик имаратка чыгып бутун салаңдатып отуруп алуу, машиналар көп өткөн чоң жолдон басуу сыяктуу.
Эмоционалдык абалынын өзгөрүүсү
Бала мектепке баргысы келбей, окууга көңүлү татпай мурда жакшы көргөн нерселерди тескерисинче жаман көрүп баштоосу же болбосо эч нерсе кылгысы келбей калуусу мүмкүн. Абдан кайгылуу, ыйлагысы келгендей же ыйлагандай көрүнүп жүрүүсү. Эмоционалдык жактан карама-каршы абалдарды көрсөтүүсү. Мисалы, бир туруп ыйлап, кайра күлүп калуусу жана тынсызданып туруусу. Бирок, бул белгилер байкалса дароо эле өлгөнгө даярданып жатат деп ойлобой аны билгенге, сүйлөшкөнгө аракет кылуу керек.
Көңүл буруусу жоголуп баштаса…
Эгер балаңыз бир нерсеге көңүл бура албай бир нерсени айтам деп жатып башканы айтып алып жатса башында ойлор башаламан болуп жатканын түшүндүрөт. Мотивациясы жок. Унутчаак болуп калышы мүмкүн.
Баладан көз каранды болбогон сырткы факторлор дагы таасирин тийгизет. Мисалы, ата-энеси эки башка жолго түшүп экинчи турмушта жашап жатканда алар менен тил табыша албаган учур, жакын адамына айрылган мезгил же болбосо башка жерге көчүп барып жаңы чөйрөгө көнө албай жаткан болсо өспүрүмгө катуу таасир тийгизип бул чечимге баруусу мүмкүн. Ошондой эле балаңыз бөлмөсүнө бекинип эч нерсе айткысы келбей коркуп жаткандай болсо, балким ага мектептен же башка жерден мазактоо, кодулоо же зордуктоого туш болуп жаткан болушу мүмкүн. Ал мындай абалга туш болгондо айтсамбы?, айтпасамбы эгер айтам кайра өзүмдү күнөөлөшпөйбү деп чоочулап туруусу мүмкүн. Мындан улам өзүнө болгон баасы төмөндөп суцидге барууга түртөт.
Сөздүн аягында Зене Кудайбергенова эч качан өспүрүм жөндөн-жөн өзүнө кол салбайт деген оюн айтат. Ал кыйналганынан жан дүйнөсү ооруп турганындагы кыйналганын басыш үчүн бул кадамга барат. Бул жашагым келбей жатат деген сөз эмес, кыйналгым келбей жатат деген сөз. Ошон үчүн өспүрүмдүн жакындары жардам берүүсү керек.
Бала тарбиясы туурасында дагы билгиңиз келсе буларды дагы окуп көрүңүз:
Сиз балаңызды тилдейсизби? Орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепети
Ата-энелер үчүн тест: Өспүрүм курактагы балаңыз менен сүйлөшүүнү билесизби?
Ата-эне балдарына камкордук менен көзөмөлдү бирдей камсыздаш керек
Бала менен сүйлөшүүнүн позитивдүү жолдору
Айгерим Кубатбекова