Кыргыз тил жана адабият мугалимдери үчүн «Кыргыз тилин видео сабак аркылуу үйрөнүү» сынагын Казакстанда жашаган кыргыздар “Алматы Кыргыз диаспорасы” уюштуруп жатат. Анын максаты кыргыз тилин үйрөнүүнү каалаган өзгөчө чет өлкөдө жүргөн кыргыз балдары үчүн сапатуу, пайдалуу материал жасоо болуп саналат.
Аталган долбоордун максаты чет жерде жүргөн жарандар деги эле кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендер үчүн сапаттуу, заман талабына жооп бергендей маалымат даярдоо менен бирге кыргыз тили мугалимдерине жеке каналы аркылуу кардар табуу болуп саналат. Алматыда жашаган Талант Жайлобаев бул идеянын демилгечилеринин бири. Анын айтымында учурдагы миграциянын айынан миңдеген кыргызстандыктар дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жашап келишет. Аларда эне тилин үйрөнүү ниети болсо дагы интернетте маалыматтын жетишсиздиги же сабактардын кызыксыз болгонунан улам көңүл бурбай коюшу ыктымал:
“Башка мамлекеттерде жашап жүргөнүмө байланыштуу кыргыз тили мага негизи керек деле болгон эмес. Бирок, 3-4 жыл мурда эне тилимди үйрөнөйүн деп өзүмө максат койгондо маалыматтын тартыштыгына күбө болуп араңдан зорго тилди үйрөндүм. Андан кийин пандемия башталганда англис тилин үйрөнөйүн деп чечкенимде ыңгайлуу, маалыматтардын көптүгүнө, түрдүүлүгө күбө болдум. Ошондо эмне үчүн кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендерге мындай мүмкүнчүлүк жок деген суроо жаралды.”
Ошондой эле Талант Жайлобаевдин белгилешинче аталган долбоор мугалимдердин дагы кызыкчылыгын көздөйт. Башкача айтканда кошумча каражат табуу мүмкүнчүлүгү жаралат:
“Бул бир гана чет өлкөдөгү жарандар үчүн тил үйрөтүүчү ресурска айланбастан мугалимдер дагы жакшы билгендей, адамдардын маалымат кабыл алуу ылдамдыгы ар кандай болот. Сабак учурунда түшүнбөй калган окуучунун кайталаганга мүмкүнчүлүгү болсо, анын жетишкендиги өсөт жана мугалимдин да жыйынтыгына жакшы таасир берет. Ошондо каалаган учурда, каалаган ылдамдыкта жана каалашынча кайталоо менен сабакты көргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Негизи баардык эле сабактарды интернеттен кыргызча үйрөнүүгө шарт түзүлүшү керек. Муну жетекчилер ойлонуп, адистер ишке ашырыш керек.”
Сынакка катышуу үчүн мугалимдер YouTubе канал ачып, 31-декабрга чейин ал жерге 20 видео сабак даярдоосу зарыл. Жаңы жылдан баштап көз карандысыз калыстар тобу талдап башташашат. Алар Түркия, АКШ , Орусия, Корея сыяктуу мамлекеттерден тилге тиешеси болгон журналист, жазуучу, мугалимдер. Сынактын жыйынтыгы 21-мартта чыгарылат:
“Мамлекет боюнча 40 райондо 2262 мектеп бар экен. Болжолу менен 10000ден ашык кыргыз тили мугалимдери бар. Мугалимдерибиздин жөндөмдүүлүктөрүнө жана ар кандай өнөргө ээ болгондоруна ишенем. Ошондуктан быйыл тема, формат, тил боюнча эч кандай чектөө жок. Кыргыз тилин үйрөнүүчүлөрдүн дагы өзүнө тиешелүү ар кандай деңгээли, ошого жараша ар кандай талабы болушу мүмкүн.”
Талант Жайлобаев мугалимдерге видео тартуу боюнча бир канча сунуштарды берет:
• Бир видео — бир тема. Кыска — нуска. Түшүнүктүү жана кызыктуу. Себеби, бул сиздин жеке YouTube каналыңыз жана ошону өнүктүрүү үчүн кардардын көзү менен караган туура.
• Видеонун бурчуна байланыш номерлер же электрондук даректер аркылуу сизди табуу мүмкүнчүлүгүн эске алыңыз. Бул сизге жакшы жарнама катары кызмат кылат жана сиздин YouTube каналыңыздын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
• Кошумча маалымат (Чет мамлекеттерде онлайн сабактын баасы бир саатка 800 сомдон жогору. Эгер 15 үйрөнүүчү табылса, айына 100 000 сомдон дагы көп тапканга мүмкүнчүлүгү жаралат)
• Видеонун темасына «КЫРГЫЗ ТИЛИ» деп жазыш керек. Эне тилин үйрөнгүсү келген адамга кыргызча маалымат желеси оңой жана жеткиликтүү болуусу үчүн аракетибизди жумшайлы. Айрым кесиптештериңиз видеого өзүнүн аты жөнүн же сабактын темасын жазып койгонунан улам, көрүүчүлөр ал видеолорду таба албайт.
• Катардагы мектеп окуучусу катары мамиле кылуу кардарыңызга кызыксыз. Анын сабакка кызыгуусун арттыруу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп, кызыктуу онлайн сабактарды даярдаңыз. Сабагыңыз сапаттуу болгондо кирешеңиз кардарлардын санына жараша көбөйөт.
• Өзүн- өзү өнүктүрүүгө убакытын бөлүп, ар тараптан издеген, кыргыз тилин жайылтууга салым кошом деген инсан болуңуз. Замандын талабын эске алып, мазмундуу жана мыкты деңгээлдеги видеолорду чыгарган сөзсүз колуңуздан келет.
Темага тектеш материалдар:
Китеп окуп автоунаа утуп алган мугалим
Мугалимдер үчүн тест: Мен кандай мугалимдер тобуна кирем?
Айгерим Кубатбекова