Кыргызстанда кыздарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын- алууга жана бөгөт коюуга багытталган 16 күндүк өнөктүк жүрүүдө. Тилекке каршы, гендердик зордук-зомбулуктан кыз-келиндер көбүрөөк жабыркайт жана мындай учурда алар кризистик борборлорго кайрылууга аргасыз.
«Шанс» кризистик борборунун адиси Адинай Жапаралиева Жаматтык Медианын студиясында кризистик борборлордун ишмердүүлүгүнө токтолду.
— Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга кризистик борборлор кандай жардам берет?
— Биздин кризистик борборлор бизге кайрылган айымдарга юридикалык, психологиялык, сотко чейин жана сотто коштоо иштерин жүргүзөбүз. Сотко чейин дегенде ИИБге арыз жазуу, коргоо ордерин алуу боюнча биздин адистер коштоп жүрүшөт. Ал эми ал иштер сотко өткөндө алардын кызыкчылыгын коргойбуз. Психологиялык жардам көрсөтүү бир жылга чейин созулуп кетет. Бул ошол айымдын канчалык жабыр тартканына жараша болот.
— «Шанс» кризистик борборунун түптөлгөнүнө 25 жылдын жүзү болгон экен. Андан бери кандай тажрыйбалар топтолду?
— Мен бул борборго 2016-жылы келдим. Кризистик борбор 1996-жылы өз ишин баштаган. Бирок, Юстиция министрлигинде 2001-жылы расмий катталган. Ошол учурдан бери биз 400дөн ашык сот иштерин утканбыз. Андан тышкары, 300 миңден ашык психологиялык жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле кийинчерээк ачылган кризистик борборлорго дагы консультациялык жардам көрсөтүп келебиз. Андан тышкары, зомбулукка тийиштүү мыйзамдар жана аларга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарыбызды билдиребиз.
— Карантинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күч алганы айтылды эле. Азыр абал кандай?
— Негизинен зордук-зомбулукту пандемия учуруна эле шылтоолой берген туура эмес. Пандемия учуру болгону бул проблеманы ачыкка чыгарды. Бул көйгөйлөр илгертеден эле үй-бүлөлөрдө бар болчу. Бирок, аялы жана күйөөсү эртен менен жумушка кетип, кечинде келип агрессияга көп мүмкүнчүлүк берилчү эмес. Ал эми пандемияда экөө жана анан башка адамдар дагы үйдө болуп, чечилбеген көйгөйлөр ачыкка чыгып жатты. Азыркы учурда деле өзгөрүүлөр бар деп айта албайм. Аялдар азыр деле ошондой эле көрсөткүчтө зомбулукка кабылып келет.
— Сиздердин кризистик борборго бир жылда канча адам кайрылат?
— Жыл сайын улуттук статистика комитетине бизге канча айым кайрылгандыгы тууралуу отчет беребиз. Негизи дем алыш күндөргө жакындап калганда, майрам күндөрү бизге телефон чалуулар көбөйөт. Кадимки күндөрү болжол менен бир күндө ондой чалуу болсо, майрам же дем алыш күндөрү андан ашык болот.
— «Шанс» кризистик борбору жалпы Чүй облусун карайбы?
— Бизге көбүнчө Бишкек жана Чүй облусундагы айымдар кайрылышат. Башка облустардын өзүндө дагы биздей борборлор бар. Мисалы, бизге Оштон чалып калса, биз ошол жердеги кризистик борборлорго багыттайбыз. Кризистик борборлордун ассоциациясына жалпысынан 14 кризистик борбор кирет. Андан тышкары дагы башка борборлор бар.
— Кризистик борборлор жана анда эмгектенген адистер калктын санына жетиштүүбү?
— Саны боюнча жетиштүү деп айта албайм. Себеби юристтер аз болот. Психологдор сөзсүз жетишсиз. Бишкек шаарында бул адистер жетиштүү болгону менен аймактарга келгенде алардын тартыштыгы билинет. Ошол себептен, кризистик борборлордогу адистерди атайын психологиялык жардам көрсөтүү боюнча окутушат. Азыркы учурда ассоциациянын ар бир кризистик борборунда психолог бар. Кризистик борбордо иштеген психолог гендердик теңчилик жана мыйзам боюнча маалымдуу, гендерге сезимтал болушу керек.
Касиет Кубанычбек кызы
Мунара Бекназарова: Ар ким өзүнүн саймалуу батасын түзө алат
8-мартка 8 суроо: Кыргызстан аялдары жөнүндөгү билимиңизди текшериңиз