34 жаштагы Турат Алыбаев кесиби боюнча кыргыз тил адабияты мугалими. Учурда окуучуларга программалоону кыргыз тилинде үйрөтүп келет. Алдыда окуучулары менен бирге кыргыз тилин үйрөтүүчү тиркемелерди жасоону көздөйт. Ошондой эле телефонду, компьютерди, түрдүү тиркемелерди кантип колдонуу керектигин ютуб каналында айтып берет.
— Кантип кыргыз тил сабагынан мугалим болуу менен тиркеме жасоону айкалыштырып жатасыз? Эмне себеп болду?
— Негизи эле мага ушул суроо көп берилет. Кээде бул суроону бир аз башкача дагы кылып, эмнеге сопсонун кесипти таштап, кыргыз тилге салым кошо бербей, програмалоо жагына өтүп кеттиң? – деген суроону берип бир аз ыңгайсыз кылышат. Чынында мен алгачкы кесибимди таштап анан бул жаатка өткөн жокмун, ошол билимимди коомчулукка дагы да жакшыраак жеткирүү үчүн, өз өнөрүмдү жана билимимди өркүндөттүм десем жаңылышпайм.
Мен аны 33 жашымда баштагамын. 2020-жылда элдин баарынын эле эсинен кеткис карантин болуп калбадыбы, ошол кезде мен дагы үйдө жөн отурбай өзүмдү өнүктүрүп калуу максатында програмдоо жаатын окуп калдым. Өзүм акыркы убактарда кызыгып жүргөм, анан эле “Жылдыз Академи” деген онлайн программалоо окутуу академиясы бар, ошолор веб иштеп чыгуу курсун акысыз окутуп жатышыптыр деп угуп калып, мен дагы өз кайрылуумду жиберсем окутууга макул болушту.
2020-жылы май айында 130 адамды акысыз окутуп башташты, мен дагы ошолорго кошулуп окуп баштап калдым. Чынын айтканда ошол окуу менен маалымат технологиясы жаатынын ички айырмачылыктарын түшүнүп жеттим десем болот.
“Жылдыз Академи” боюнча айта турган сөз негизи өтө көп, ал боюнча өзүнчө да бир интервью деле сурасаңыздар айтып берем, азыр болсо кыскача дагы айта кетейин. Муну негиздеген Америкада жашаган Кыргызстандык Тимур Моне деген жигит, өз апасынын атынан ушундайча атап алган. Ал достору жана кесиптештери менен карантинде өлкөбүзгө кандай жакшы жардам кыла алабыз деп, 130 адамды акысыз окутууну чечишкен.
Андан кийин бул долбоор башка дагы чет өлкөдөгү, айрыкча ошол IТ тармагында жүргөн мекендештерибизге жагып, экинчи агымды баштап окутушкан. Экинчи агымда болсо, Гавайи аралдарында жашап, Американын башка штаттарында иштеген Бакыт Абдишов мырза менен келинчеги Айдана Өмүрбаева дагы колдоо көрсөтүшүп, (дагы көптөгөн колдоо көрсөткөндөр бар, аттарын атабай эле коёлу) 500 адамды акысыз окутабыз дешкен, бирок талап өтө көп болуп, кайрылуулардын саны 8 миңден ашып кеткендиктен, 2750 адамды кабыл алышкан.
Мен алгачкы агымда жакшы окуп, жакшы жыйынтык көрсөткөнүм үчүн, Жылдыз Академи экинчи агымда 2750 катышуучуга програмдоону кыргызча окутуу үчүн мени мугалим кылып алышкан, орусча окутуу үчүн Мирлан Уржанов деген биздин группалашыбызды мугалим катары алышкан. Ошентип экинчи агымда биз дагы аларга салым кошуп калдык.
Бул долбоорду өлкөбүздү өнүктүрүүгө билим менен салым кошо турган мыкты инсандар чыгат деген үмүт менен “Келечек долбоору” деп аташкан. Эми болсо, бул долбоорду дагы да көп адам угуп, дагы да окуйм дегендер көп болуп жаткандыктан, мен дагы колдоо көрсөтөм деген адамдар дагы көбөйгөндүктөн, үчүнчү агымды “Чырак долбоору” деп аташып, 1000 ден ашык, апаларды окутууну пландап, ошонун үстүндө иштеп жатышат.
— Тиркеме жасоо боюнча курсуңуз тууралуу айтып берсеңиз?
-Мен алар менен иштеп, веб иштеп чыгуу боюнча сабак берип, жана калган убактымды да туура пайдаланып, ушул мобилдик тиркеме иштеп чыгуу жагын окуп калдым. Флаттер деген фреймворкту үйрөндүм. Бул тармакка өтүшүмө, азыркы учурда биз ушул тармакты чогуу окутуп жаткан бир чети менин агайым, бир чети кесиптешим Азамат Акматов деген жигиттин салымы чоң.
Алгач Азамат Акматов бизди бул багытта 3 айдан ашык даярдады. Анан Кыргыз тилди жөнөкөй кылып жарандарыбызга окутуу жана чет өлкөлүк мекендештерибиздин балдарына жеткиликтүү кылып кыргыз тилди окута алгыдай бир тиркеме жасап чыгууну пландадык. Аны пландап жатканда, бизге команда керек экенин түшүндүк. Ал эми командага тажрыйбалуу, күчтүү програмчыларды ишке алалы десек алардын айлык акыларын каржылай албай калчудайбыз.
Анан кеңешип отуруп, өзүбүз окутууну туура деп чечтик. Анан эле 3-4 ай болуп баратат, курс деп жарыя кылып койсок, бизге дагы талап абдан көп болду. Биз 20 адам алып окутуп, даярдап, өзүбүздүн максатты түшүндүрүп, чогуу иштешип кеткидей адистерди чыгарып алсак дегенбиз, биринчи группаны ачкандан кийин, абдан талап көп болгондуктан анан 2-группаны дагы ачууга туура келип калды.
Ошентип азыркы учурда 2 группаны окутуп, өзүбүз максат кылган тиркемени жасоо менен алек боло баштаган кезибиз. Бирок, дагы деле бизге курс качан башталат деп кайрыла беришет, сурай беришет, ошондуктан, дагы балким 1-2 группа ачсакпы деген ойдо туруп жатабыз. Биздин курстун бир өзгөчөлүгү, кросс платформалуу деп коёт, Android жана iOS телефондорго бир код менен тиркеме жасоону үйрөтүп чыгабыз. Анан да, бул биздин курсту, азырынча биз билгенден Мегаком компаниясынын “АйТи Школа” деген мектеби бар, ошолор окутат, анан алар орус тилинде окутат экен, анан биз окутуп жатабыз, а биз болсо кыргыз тилде окутабыз.
-Кандай тиркемелерди жасайсыздар, буга чейинки жасалган тиркемелер боюнча айтып берсеңиз. Алдыда кандай тиркемелерди жасоону каалайсыз?
-Мен эми, башынан програмдоо жаатынын адиси болбогондуктан, азыр көзгө көрүнүктүү деле ийгилигибиз жок. Азамат Акматов агайыбыз өзү чет өлкөлүк фирмаларда иштейт. Бул жааттагы эң чоң эле ийгилигим “Келечек долбооруна” мугалим болуп, ал жакта көптөгөн окуучуларга сабак берип калганымды эсептейм, азырынча.
Алдыда биздин негизги максатыбыз эле ошол, чет жактагы мекендештерибизге өтө ыңгайлуу, пайдалуу бир тиркеме жасап жеткирсек деген эле ой. Алардан тышкары, жакын тааныштарыбыздан, досторубуздан заказдар бар, окуучуларыбыз менен бирге ошолорду жасоо менен алекпиз.
-Кыргыз тили аркылуу үйрөтүп жатканыңыздан улам, учурда окуучулардын кыргыз тилине болгон мамилеси кандай? Кантип жаштар арасында белгилүү кылса болот деп ойлойсуз?
-Негизи, тилибиздин илимий абалы гана начар болгону менен, учурда Кыргыз тилибизге маани берген жаштар абдан көп. Албетте абдан адабий күчтүү бир тилге баарыбыз эле ээ боло албай калбадыкпы, орусча аралаштырып сүйлөйбүз, ал тургай азыркы жаштардын арасында түркчө, англисче да кошуп сүйлөө мода болуп бараткандай сезилет. Бирок, ошентсе дагы такыр кыргызча түшүнбөйм дегендерге радикалдуу түрдө каршы туруп, уруп-согуп жибермейлер болуп, орус тилдүү талапкерлерге добуш бербей коюшуп тилге болгон мамилени билдирип жатышпайбы.
Эми албетте антип уруп-согуу менен бул маселе чечилбейт, ошондуктан, телефондон башы чыкпай отурган балдардан тартып, чоңдорго чейин кызыктуу болгудай контенттерди Интернетке толтурууга аракет кылышыбыз керек деп ойлойм. Мисалы, мен программалоо менен бирге эле, Ютубда өз каналыма (Turat Alybaev) компьютерди, телефонду, ар кандай тиркемелерди колдонуу боюнча видеолорду киргизип келем. Турат Алыбаев деген аталыштагы Телеграм каналыма, өздүк өнүгүү жана өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу боюнча чакан макалаларды жазып, маалымат таратуу менен алек болуп келем.
-Азыр IT программалоого сиз белгилегендей кызыккандар көп, негизи аны үйрөнүү үчүн кандай жөндөмдөр талап кылынат? Кандай окуучулар тез өздөштүрүп кете алат?
-Ооба, учурда кызыгуу абдан жогору болгондугу үчүн, ошондон пайдаланып, өтө көп курс ачылып кетти. Алардын жакшы жыйынтык көрсөтүп жатканы бар, көрсөтө албай жатканы бар. Жөн эле убактылуу трендден пайдаланып жаткандар бир аз акча иштеп калышат. Болгону ошол. Ал эми кандай окуучулар өздөштүрүп кете алат дегенде. АйТи тармагын үйдөн отуруп иштеп акча табуу үчүн, тез эле укмуш болуп кетүү үчүн окугандар өздөштүрө алышпайт. Айтайын дегеним, бул жактан тез эле укмуш болуп кетем дегендер, тез эле укмуш боло албай, таштап коюшат. Сабырдуулук менен, өз алдынча окуп аракет кылгандар сөзсүз ийгиликке жетишет. Эртеби-кечпи ийгиликтүү боло алышат. Сабырдуулук менен окуш керек.
Кыз келиндер үчүн программалоо, лидерлик жөндөмдүктөрдү өнүктүрүү боюнча окууга грант алуу мүмкүнчүлүгү
Региондордун кесиптик лицейлеринде IT окутулат
Айгерим Кубатбекова