5-декабрь Бүткүл дүйнөлүк ыктыярчылардын күнү белгиленип, Нарын шаарындагы Хан- Тенгри мейманканасынын залында ыктыярчылар үчүн семинар уюшулду. Бул семинарга «ыктыярчы» болууну каалаган окуучулар да катышып, ыктыярчылык тууралуу кенен маалымат алышты.
Нарын районунун Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинен 19 окуучу семинарга катышып, ар бир окуучу өзү үчүн пайдалуу маалымат ала алышты.

Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин жаш ыктыярчылары
Семинарга катышкан окуучулар ЮНИСЕФтин ыктыярчылары болуп келишет. Алардын аткарган иштери тууралуу семинар учурунда окуучуларга айтып бере алышты.
Ыктыярчы болуп иштеген жана каалаган окуучулардын маеги төмөнкү сюжетте:
Акбермет Руслан кызы