Сокулук районундагы Жаңы-Жер аймагынын Восточный (20-хутор) айылында Жаңы-Жер толук эмес №2 орто мектеби бар. Мектепте мугалимдер бөлмөсү жетишпегендиктен жакынкы имараттан бөлмө берилген. Айыл тургундары мугалимдер бөлмөсүнө эмеректерди алып келип жасалгалап беришти.
Восточный айыл тургундары дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенишет. Бул эки тармактуу ишкерликти өнүктүргөн айыл тургундарына жумушчу күчү дайыма керек. Ал эми жумушчу күчү өлкөбүздүн алыскы региондорунан келишет. Ички миграциянын агылып келүүсүнөн улам мектепте окуучулардын саны жылдан жылга өсүүдө. Бул 160 орундуу мектепте 371 окуучу билим алышат.

Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Сүйүн Абдыбекова
Сүйүн Абдыбекова: «Окуучуларга окуу кабинеттеринин жетишпегендигинен 3 смен менен окушат. Жетекчи катары Кемпирбек Эрмеков мектептин инфраструктурасын жакшыртууга аракет кылууда. Келечекте мектепти 9-жылдык эмес 10-11 класстарды ачып окутууну пландоодо. Бирок ал үчүн мектепти кеңейтүү керек.»

«Восточное» айылындагы 9-жылдык мектеп
Азыркы учурда мугалимдер үчүн бөлмө жоктугунан айыл өкмөт аркылуу жакын жайгашкан имараттын ичинен бир бөлмө берилди. Бул мектепте келечек муундардын билим алуусуна кайдыгер карабаган айыл тургундары дагы өз ыктыяры менен салымын кошуп келет. Жакында мугалимдердин иш бөлмөсүнө өз каражатынан отургучтарды айыл тургуну, ишкер Магомедгаджи Магомедсаидов алып келди.

Мектеп директору Кемпирбек Эрмеков айыл тургуну Магомедгаджи Магомедсаидов менен мектептеги болуп жаткан маселелер тууралуу баарлашууда.

Магомедгаджи Магомедсаидовдун жардамы менен мугалимдердин иш бөлмөсүнө отургучтар берилди.

Айыл тургуну Магомедгаджи Магомедсаидовдун жардамы менен ачылган мугалимдердин иш бөлмөсү