Учурда дүйнөдө, анын ичинде биздин өлкөдө дагы 25-ноябрдан бери «Зомбулукка каршы 16 күн» кампаниясы жүрүүдө. Кампаниянын негизги максаты – коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу.
Жыл сайын 16 күндүк акция өткөрүү чечимин 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алган.
Адатта зордук-зомбулук дегенде физикалык зомбулукту гана түшүнөбүз. Бирок анын мындан башка дагы түрлөрү бар. Бул чыгарылышта ялдарга жана кыздарга багытталган зомбулуктун бир түрү — сексуалдык ыдык тууралуу айтып беребиз.
Барчын Мамытбекова
#Шылтоожок
#АктануужокАктануугажолжок
#Күнсайынбиригели
#Күнсайынколдойбуз
#Күнсайыншарттүзүү