Бүгүн Т. Айбашев атындагы орто мектебинде англис тили сабагынан райондук деңгээлде семинар болуп өттү. Семинарга жалпысынан Ноокат районундагы мектептерден келген 70 ден ашуун мугалимдер катышты.

Концерттик кече
Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулкананын усулчусу Шакир Ташболотов семинар эң жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп, райондук деңгээлде болгонун айтты. Кийинки семинар аймактык деңгээлде Кожон Жолдошев атындагы орто мектебинде болоорун дагы маалымдады.

Шакир Ташболотов
«Биздин мектепте англис тили сабагынан биринчи жолу райондук деңгээлде семинар болду. Бүгүнкү семинарга мектеп жамааты менен бир ай даярдандык. Келген коноктор да эң жогорку деңгээлде баалашты», — деди Т. Айбашев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Гүлбарчын Абдырахманова.

Гүлбарчын Абдырахманова
Жумагүл Көчкөнбаева