Кетмен-Дөбө өрөөнүнөн чыккан, чыгармачылыкка кеч келген акын, ар тараптан таланттуу комузчу, ырчы Кенже Кутманова өз жан дүйнөсү, ырга болгон шыгы жөнүндө бөлүштү.
Акын Кенже Кутманова 1974-жылы 23-февраль Токтогул районунун Имерилиш конушунда жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү, беш уул, эки кыздын энеси, баатыр эне орденинин ээси. Үй-бүлөсүндө ата-энеси чыгармачылыка жакын адамдар болушкан. Атасы комуз чертип ырдагандыктан, бир туугандарынын көбү комуз чертип ырдашат. Кенже Кутманова дагы окуп жүргөн кезде эле комуз чертип, ырдап, кароо-сынактарга активдүү катышып жүргөн. Ыр жазууга болгон шыгы кечирээк ойгонгон. Кеч болсо дагы ыр дүйнөсүнө аралашып калганына ыраазы экендигин айтып берди.
“Ыр жазып калганымдын себеби, апам тараптан келгенби дейм, атам көп комуз чертип ырдагандыктан, мен дагы балалык кезимден бери кызыгып, комуз чертип ырдап жүрдүм. Бирок кийинчереек жараткандан берилген дагы бир талантым оргуштап чыгып, элүү жашка жакындап калганда ыр жазып баштадым. Ырларым өзү көбүнчө мекенчилдик темада, анткени өзүм патриотмун десем болот.
Мен ыр дүйнөсүнө аралашканыма 2 жылдын жүзү болду, кээ бир ырларымды соц. тармактарга, фейсбукка чыгарып жүрчүмүн. Менин ырларымды ошол жактан окуп, эл аралык “Актал”адабий чыгармачылык бирикмесине чакырып мени мүчө кылып кабыл алышты.Ошол жакта жүрүп көптөгөн сынактарга катышып, жакшы ырларды жараттым. Эл аралык бирикме болгонуна байланыштуу, ар улуттун акындары да бар, менин көптөгөн ырларым казак тилине которулду, учурда өзүм дагы казак акындардын ырларын кыргыз тилине которуу менен алектенем. ”Актал” адабий чыгармачылык бирикмеси тарабынан “Жети акындан ыр белек” аттуу долбоор уюштурулуп, ар бир облустан бирден акындын ырлары “Поэзия ыргагы” китебине басылып чыкты. Бул китепте жети дубандан чыккан акындардын ырлары жарыка чыгып, ошонун ичинде менин дагы 50гө жакын ырым ушул китеп бетинен орун алган”.
“Актал” адабий чыгармачылык бирикмеси тарабынан Кыргыз Республикасынын кыргыз тили коомунун “Ыйык тил” деген төш белгиси менен сыйланган. Келечекте чыгармачылыгын өркүндөтүп, жеке китептерин чыгарсам деген тилеги бар.
Мен мекенчилмин, өзүмдүн Кыргызстаным жөнүндө жазган ырымды окуп берсем.
Кыргызстаным
Мекеним, менин сүйгөн Кыргызстаным,
Сендикмин, сенде тамган киндик каным.
Баа жеткис байлыгымсың туулган жерим,
Алтындан артык бир ууч топурагың.
Көркүнө көз тойбогон сыймыктандым,
Көркөмүң көөнөрбөсүн Кыргызстаным.
Көз артып сугун арткан ач көздөргө,
Бергим жок кумуңдун да бир уучтамын.
Азема Кудуева, Дилде Таалайбекова, Эльбина Аттокурова