“Кыргыз кызы” – деген темада кыздар арасында таймаш өткөрүлдү. Таймашка 8-9-10 класстын окуучу кыздары катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. “Кыргыз кызы” таймашынын максаты кыздарга болгон сый-урматты даңазалоо. Кыргызда «Кыздын чачы улук, кыз сыйлабас макулук” — дегендей кыздардын баалуулугун, сулуулугун, улуулугун, нарктуулугун көрсөтүү.
Таймаштын жеңүүчүсү Ак-Бакай мультимедиа борборунун ыктыярчысы, 8-а классынын окуучусу Бурулсун Тажиева таймашка өз өнөрүн көрсөтүп, классынын намысын коргоо үчүн катышкандыгын белгилейт:
“Таймаш абдан кызыктуу болду. Менин атаандаштарым аябай даярданышкан экен, ошондуктан таймаш оор болду. Бирок, мен үчүн кыргыз элимдин үрп адатын, салт санаасын жана ошондой эле элибиздин улуттук баш кийим, зер буюм, улуттук оюндарын көрсөткөн жакты. Таймашка даярданууга агайым жана классташтарым чоң жардам көрсөтүштү. Уткандагы сезим абдан өзгөчө сезим экен, же ыйлаарыңды же күлөөрүңдү билбей калат экенсиң. Алдыда дагы сынактарга катышып, өз өнөрүмдү дагы да өздөштүрсөмбү деген ойлор бар. Сахнага чыкканда менде эч кандай сүрдөнүү сезим болгон жок”, – деп ой бөлүштү Бурулсун Тажиева.
“Кыргыз кызы” таймашынын уюштуруучулары Гүлмира Ашыралиева, Гүлнара Шекилбаева кыргыз элинин каада салты, кол өнөрчүлүгү унутулуп бара жатканын айтышты. Бул таймашты кийинки жаш муундар кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн күчөтсө, шырдак, кийиз, төшөктөрдү жасаганды, ийик ийригенди үйрөнүшсө деген максатта койгондугун айтып беришти.
“Кыздардын баалуулугу кыргыз элинин улуттук кийимин кийип, чачын өрүп жүрүүдө жана өздөрүнүн сулуулугунда, мүнөзүндө, ички сезимдеринде, ал эми эң башкы баалуулугу кыргыздын улуттук каада салтын билип, биздин улутту жок кылбайын дегенде. Кыргыздын кыздары илгертеден чач учтук тагынган, ал эми моюндарына мончок тагынышкан. Мончокту моюнду узун кылыш үчүн тагынган. Жаздыка жатканда дагы моюну узун болсун деп бийик жаздыка жатышкан эмес. Ал эми чач учтукту тагынганда, чач оор болуп артка тарткан, ошондуктан бели жана моюну түз болгон. Бели ичке болуу үчүн белдемчи тагынышкан. Илгери эл оозунда кыздар баатыр деп айтылып келет, анткени бир баатыр киши “мен бирөөнүн үйүнө барып жашай албайт элем, ал эми кыздар бирөөнүн үйүнө барып, ошол жерге батып, жашап кеткен бул баатырлык” деп айткан», — деген ою менен Гүлмира Ашыралиева бөлүштү.
Дилде Таалайбекова, Эльбина Аттокурова, Азема Кудуева