Наргиза Ибраимова Орусиянын Новосибирск шаарында 15 жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Ал жолдошу менен бирге соода түйүндөрүн ачып, Кыргызстандан, Кытайдан, Түркиядан, Түркмөнстандан товарларды алып келип сатышат. Учурда Наргиза айым демилгелүү айымдардын колдоосу менен “Ак-Талаа айымдары” кайрымдуулук фондун түзүшкөн. Фонд учурда Ак-Талаа району боюнча демөөрчүлүк иштерди жасап келет.
Наргиза Ибраимованын алгачкы кадамдары Бишкек шаарындагы соода борборун иштетүүдөн баштаган. Кийин Орусиянын Новосибирск шаарына барып, ал жактан ишин улантууну чечкен. Башында көптөгөн кыйынчылыктар болсо дагы, Наргиза айым өз максатынан баш тарткан эмес.
Фонддун уюштуруучусу катары Наргиза Ибраимова болсо, учурда төраймы катары Жылдыз Жолоева иш алып барууда. Азыркы тапта фонддун мүчөлүгүндө жыйырма беш адам катталган.
“Бир күнү отуруп ойлондум. Ар бирибиз өз-өзүнчө демөөрчү болбой, баарыбыз бир иш кыласак кандай болот деп. Тааныш эжекелеримди, сиңдилеримди чогултуп, группа түзүп алып кеңештик. Баарыбыз фонд ачып, иш алып барганга макул болдук. Бишкек шаарына келип фондду түзүп, мамлекеттик каттодон да өттүк. Азыркы тапта мүчөлүгүндө жыйырма беш айым бар”.
Наргиза айымдын айтымында кайрымдуулук иш кылуу үчүн сөзсүз эле атактуу инсан болуунун кажети жок. Анын айтымында аталган фондко каалоочулар болсо эшик ачык экенин баса белгилейт:
Фондко чогулган акчаны максаттуу жана туура пайдалануу маанилүү экенин Наргиза айым баса белгилеп айтат. Алар акча каражаттарын райондук администрация менен биргеликте кеңешип, алар сунуштаган үй-бүлөлөргө, жеке адамдарга же кандайдыр бир иш-чараларды өткөрүүгө жиберип турушат.
Наргиза Ибраимова жашаган өлкөдө ишкерлер үчүн абдан жакшы шарттар каралган. Мыйзамдын негинде иш алып барган ишкерлерге үй сатып алууда же кандайдыр бир бизнес жаатында иш алып баарууда жеңилдиктер каралганын айтат:
Ишкерлигин жакшыртуу максатында Наргиза айым өзүн-өзү өнүктүрүүчү теренингдерге байма-бай катышып турат. Муну менен катар чет өлкөлүк ишкерлер менен жолугуп, тажрыйба алмашууну максат кылат.
Акылай Алмазбекова