Балыкчы шаарындагы С. Каралаев атындагы №6 орто мектебинде “Урааным-Манас, улутум-кыргыз!”-деген теманы камтыган Манас таануу интеллектуалдык таймашы өтүлдү. Таймашка 8-классынын окуучуларынан түзүлгөн тайпалар катышышты.
Иш-чара 5 тапшырмадан турду:
1️⃣Саламдашып, аттарын жактап, ураан чакырышты.
2️⃣“Манас” эпосунун С.Каралаевдин варианты боюнча бештен суроо берилип, аларга жооп беришти.
3️⃣Сыр куржун бөлүгү. Бул бөлүктө көөнө сөздөрдү чечмелеп, фразелогизмдердин маанисин түшүндүрүп, эпостон мисал келтиришти.
4️⃣Топтор бири-бирине эпос боюнча суроолорду беришти.
5️⃣Күтүлбөгөн суроолор бөлүгү.
Жыйынтыгында 8 ”а”-классынын окуучуларынан түзүлгөн “Сайкашка” тайпасы 47 упайга жана “Айкөл Манас” тайпасы 38 упайга ээ болушту. Иш-чара кыргыз тили, адабияты мугалими Мамбетиманова тарабынан уюштурулду.
Зубаржад Жалилова