Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү 25-ноябрда белгиленет. Бул көйгөйгө карата бүгүн, социалдык тармактарда маалыматтар таратылып, Кыргызстанда 16 күндүк акция башталып, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жыйындар өткөрүлүүдө.
Үй-бүлөлүк зомбулукка ар бир адам туш болушу мүмкүн – бай же кедей, шаардык же айылдык- айырмасы жок. Дал ошол себептен гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо үчүн ар бир жаран аракетин жасап, биримдикке алып келиши керек.
«Үй-бүлөдө ата эне урушуп жатса, аны көрүп турган баланын психологиясы бузулат. Кийин ал ошол эле нерсени өзүнүн үй-бүлөсүнө кайталашы мүмкүн. Ошондуктан балдарды колдоонун башаты ата-энеден болот. Ар бир балага жаштайынан тартып мектепте түшүндүрүү иштери жасалып жана үй-бүлөдө туура кубаттоо болушу керек. Үй-бүлөдө колдоонун жетишсиздигинен зомбулук күч алууда», — дейт Жаңы-Жер айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаты Динара Абакова
Үй-бүлөлүк зомбулук – Бул бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири бирине карата физикалык, сексуалдык, психологиялык жана экономикалык кысым колдонушу. Үй-бүлөлүк зомбулук термини көбүнчө жубайлардын же интимдик өнөктөштөрдүн зомбулук актыларына карата колдонулат, бирок кеңири мааниде балдарга, ата-энелерге же кары-картаңдарга карата зомбулукту да камтыйт.
Турсун Омуралиева