Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде ашпозчу кесибинин окуучулары арасында кароо-таймаштын 3-туру болуп өттү. Өткөн жумада «Мыкты ашпозчу» кароо-таймашынын 2-туру өткөрүлгөн. Ал эми бүгүн 2-турдан тандалып алынган келечектеги ашпозчулар финалга жетүү үчүн ат салышышты. Бул жолкусунда жалпы 14 команда катышып, ар бир командада экиден окуучу болду.
Бүгүнкү кароо-таймашта берилген тапшырмалар олуттуу болуп, үйгө берилген тапшырмада «Кыргыз улуттук даамы» деген тема боюнча улуттук тамактарды даярдоо менен «Менин сүйүктүү кесибим» деген темада эссе жазуу болгон. Ал эми практикалык иш боюнча «Менин сүйүктүү тамагым» деген өз алдынча иш берилип, өздөрү тандап алган тамакты калыстардын көз алдында даярдашты.
Кароо-таймаштын жыйынтыгында Корея мамлекетинен келген ыктыярчы-ашпозчу Енгми Муун келечектин ашпозчуларына жылуу сөздөрүн айтып, мыкты ашпозчу адис болушуна тынбай окуп, изденүү керек экендигин айтты.
«1950-жылы Кореяда согуш болгон. Согуштун айынан көптөгөн адамдар каза болгон. Маалыматтар боюнча жалпысынан 150 миллион адам каза болуп, сансыз жетим балдар, толук эмес үй-бүлөлөр көбөйгөн. Материалдык чыгымдардан улам жегенге тамак аш аз болгон. Мына ошондо адамдарда жашоо үчүн атаандаштык күч алган. Алар жакшы жашоо куруш үчүн изденишкен, бири биринен өтүп ишкер болушкан. Атаандашуу менен жакшы жашоого жетишкен. Ал эми бүгүнкү таймаш силердин келечекте мыкты ашпозчу болууңарга өбөлгө түзөт. Атаандашуу менен силер көп нерсени үйрөнүп, келечекте мыкты ашпозчу болосуңар», — деди Енгми Муун
№43-кесиптик лицейдеги өткөрүлгөн кароо-таймашта 100 гө жакын тамактын түрү даядалып, окуучулар аркылуу социалдык медиада (№43-кесиптик лицейдин өздүк баракчаларында)
https://www.instagram.com/p/Cz_OfJvM_LW/?igshid=NzBmMjdhZWRiYQ==
https://vt.tiktok.com/ZSNHe9Gr3/
өзгөчө иш-чаралары менен бөлүшүштү.
Жакынкы аралыкта кесиптик лицейдин окуучулары жана аларды окуткан устаттары арасында финалдык кароо-таймаш өткөрүлөт. Анда ашпозчулар тамак аштарын даярдап, биринчиликке ат салышат. Ал күнгө сырттан келген калыстар чакырылган. Сынак 3 номинация менен өтөт. Биринчи үчүнчүлүктү багындарган жеңүүчүлөргө байгелер берилет.
Турсун Омуралиева