Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин (АОСМИ) мүчөсү «Жаңы-Жер» мультимедиа борборунун жетекчиси Бишкек шаарындагы «Ramada» мейманаканасында өткөрүлгөн «Адилеттүүлүккө мониторинг-Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» аталышындагы семинарга катышты. Иш-чара гендердик теңчиликке, экологиялык укуктарга, ошондой эле жеке маалыматтардын кол тийбестик укугуна өзгөчө басым жасоо менен мыйзам чыгаруу процессине, ошондой эле адам укуктарын коргоонун сотко чейинки укук колдонуу практикасына коомдук мониторинг жүргүзүү механизмин иштеп чыгуу маселелерин талкуулоо максатында өткөрүлдү.
Евробиримдиктин «Адилеттүлүккө мониторинг – Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» долбоорунун алкагында адам укуктарын коргоо темасындагы маселелерин талкуулоо максатында юристтер жана адам укуктары боюнча серепчилер, ошондой эле Кыргызстандагы 30дан ашык жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Аталган долбоордун жалпы максаты, гендердик теңчиликке, жарандардын экологиялык коопсуздугуна жана жеке маалыматтарды коргоого басым жасоо менен Кыргызстанда адам укуктарын коргоодо жана мониторинг жүргүзүүдө жарандык коомдун ролун күчөтүүгө көмөктөшүү болмокчу. Ошондой эле бул долбоорду ишке ашырууда төмөнкү негизги натыйжаларга жетишүүгө умтулат:
Укуктук реформаларды жана адам укуктарынын кепилдиктерин ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча жарандык коомдун потенциалын жогорулатуу;
Жарандык коом менен диалогду жана косультативдик аянтчаларды түзүү, Кыргызстанда укуктук айкындуулукту жана отчёттуулукту илгерилетүү;
Санарип инструменттерин иштеп чыгууну колдоо. Гендердик теңчилик, айлана-чөйрөнү сактоо жана жеке маалыматтарды коргоо чөйрөлөрүндө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн реформаларга мониторинг жүргүзүү;
Ченемдик укуктук актылардын адам укуктары, гендердик теңчилик жана экологиялык коопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык принциптерин жана милдеттенмелерин шайкештигин жогорулатуу.
Долбоор Европа Биримдиги жана кошумча Конрад Аденауэр Фонду тарабынан каржыланууда.
Долбоор Конрад Аденауэр атындагы фонду тарабынан Макс Планктын Эл аралык тынчтык жана мыйзам үстөмдүгү үчүн фонду, «БИОМ» экологиялык кыймылы жана аялдардын «Алга» ассоциациясы менен биргеликте ишке ашырылууда.
Турсун Омуралиева