Нурзада Макеева адамдын жашоосун жеңилдете турган роботторду программалоо менен алектенет. Ал Германиядагы Hymmen GmbH Maschinen-und Anlagenbau аттуу заводдук индустриялык машине куруучу заводдо жасалма интеллект боюнча программист-инженер болуп кызмат кылат.
Нурзада Макеева Нарын облусунун Ак-Талаа районунда чоңоюп өскөн. IT тармагына кичинесинен кызыгып, ал гана эмес банктардагы акчаны кантип автоматтык түрдө эсептейт, анын системасы кандай деген суроолорго бала кезинен кызыкчу. Жогорку окуу жайды Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшырып, информатик-экономист кесибин алып чыккан. Германияга “Au Pair” программасынын негизинде барган. Ал Германияга келип өз кесиби менен иштегенине сыймыктанат, анткени бул кесипке абдан чоң жоопкерчилик керек деп эсептейт. Бул кесип адамзаттын келечегине фундамент коёт жана адамзаттын өнүгүү дооруна чоң салым кошот. Нурзаданын программалаган роботтору адамга шерик болуп, алардын жашоосуна жардамы тиет.
“Көпчүлүк өлкөлөрдө жалгыз жашаган адамдардын саны күнүгө өсүүдө, андыктан мен программалаган роботтор аларга түбөлүк шерик болуп кызмат кылат. Суроолоруна жооп берип адамдар менен маектешет. Унутчаак адамдарга жардамы абдан көп, алардын күнүмдүк режимин өз убактысы менен эске салып турат. Мисалы: тамак, дары ичүү маалын дайым эскертип турат. Жалгыздыктан депрессияга түшкөндөр көбүнчө бул роботту колдонушат. Анткени роботтор адамды жалгызсыратпайт”, -дейт Нурзада Макеева.
“Германияда билим издеп келген кыргыздар көп, алардын башын бириктирип дайыма кызматташып турабыз. IT нин көп тармагы бар, ошонун эң негизгиси роботтоштуруу болуп саналат. Азыркы убакта роботтоштуруу заманын көбү терс кабыл алышат, коркунуч туудурат, бирок бул андай эмес, тескерисинче бул мээнин иштешине кошкон салымы чоң. Келе жаткан жаштар арасында бул багытка кызыккандар көбөйдү, анткени ар бир кесипте IT нин орду бар. Мен Кыргызстанга барган сайын жаштар үчүн чоң семинар-тренинг өткөрүп жүрөм, бул жолку барганымда бул окууну Нарын облусуна өткөрсөмбү деп турам”, -дейт.
“Келечекте Кыргызстан башка өнүккөн өлкөлөр сыяктуу техникасы өнүккөн өлкө болот деп ишенет. Анткени кыргыз айтишниктери дүйнө жүзүндөгү беделдүү компанияларда иштеп жатышат баардыгы мекен үчүн деген тилек менен”, -дейт Германиядагы кыргыз кызы Нурзада.
Бурул Майрамбек кызы