Жаңы-Жер айылындагы 43-кесиптик лицейде Зейнеп Бекбоева «ашпозчу» кесиби боюнча сабак берет. Ал уникалдуу реабилитациялык топто сабак өтөт, ал жерде социалдык камсыздоого муктаж студенттер, ошондой эле майыптыгы бар балдар билим алат.
Зейнеп Бекбоева аларды ар түрдүү тамак аштарды жасоого топ менен иштөөгө үйрөтөт. Окуучуларга ашпозчу кесибин үйрөтүү жеңил иш болбогондугуна карабастан, аларды кесипке үйрөтүү үчүн жанын үрөп иштейт. Ал мындай өзгөчө балдарды кесипке үйрөтүп, окутуу ага берилген чоң жоопкерчилик деп сезет.
Зейнеп Бекбоева окуучусуна тамак жасаганды үйрөтүүдө
Кесиптик лицейдин окуу тарбия боюнча директордун орун басары Чынара Алиева, «ашпозчу «кесибинин устаты Зейнеп Бекбоева жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирди.
«Зейнеп Бекбоева тажрыйбасы мол, күчтүү устаттардын катарында. Мындай өзгөчө балдарды окутуу оңой эмес. Түйшүгү көп, жоопкерчиликтүү жумуш экенине карабай көп жылдан бери эмгектенип келет. Жөндөмдүүлүгү начар балдардын тилин таап, өзгөчө бир ыкмалар менен окутат.Өз алдынча эч нерсе кыла албаган окуучулары учурда тамак жасаганды үйрөнүштү. Күндүз сабак берип, кечкисин жатаканада окуучуларын тарбиялап жашоо көндүмдөрүнө үйрөтүүдө. Эжеге ден-соолук гана тилейбиз».
Турсун Омуралиева