Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебиндеги окуу бөлмөлөрү проектор, проектордук доска, мугалимдин столу отургучу менен камсыз болду. Ошондой эле бардык окуу бөлмөлөргө, залдарга видеокөзөмөл коюлду.
Ал эми физика, химия жана биология кабинеттерине лабораториялык иштер үчүн каражаттар, эмеректер, планшеттер берилип, мугалимдердин окуучулардын терең билим алуусуна шарттар түзүлүүдө.
Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин директору Астра Токтогулованын маалыматына караганда мектеп үчүн бул каражаттар Азия Өнүктүрүү Банк тарабынан Билим берүү министрлигинин «Акылдуу мектеп» долбоору аркылуу алынып келинди.
«Бул долбоорго облуста биздин мектеп гана кирген. Жакын арада ар бир окуу бөлмөлөрүнө компьютер келет. Учурда мугалимдер жаңы келген техникалык каражаттарды колдонуп, сабак өтүп жатышат. Окуучулардын билимин жогорулатуу, сапаттуу билим берүүгө шарт түзүүгө аракеттер көрүлүүдө»,- дейт.
Барчын Мамытбекова