«Соң-Көл» орто мектебинде 23-ноябрдан 3-декабрга чейин «Табигый илимдер» усулдук бирикмесинин 10 күндүк иши болуп өттү. Бул күндөрү мектептин математик, физик, информатик, химик, биолог, географ мугалимдери ачык сабактарды, ачык тарбия сабактарды өтүп, өз ара таймаштарды, тегерек стол- тренингдерди өткөрүштү.
Физик мугалими Роза Асыранкулова 10-класска «Суюктуктуктардын касиети» деген темада жаңы платформалар менен ачык сабак өттү
«Билимдин кени китепте» деген аталыштагы 9-10-11-класстар аралык таймашта 9-класс күчтүүлүгүн көрсөтүп, ошону менен жеңүүчү аталып, уюштуруучу Толгонай Айыпова мыкты деңгээлде алып барды.
6-класска Индира Шайымбек кызы «Уруктун курамы жана анын ички кубаты» деген темада практикалык ачык сабак өткөрдү.
7-класс аралык «Математика илимдин ханышасы» деген таймашта «Формула» тобу ийгиликке жетип, математик мугалими Алтынай Белек кызы чакан белектерди тапшырды.
Таймаш соңунда мыктыларга грамоталар тапшырылды.
8-класстарга химия мугалими Индира Шайымбек кызы «Химияга саякат» деген темада мелдеш уюштуруп, күчтүүлөр алдыга суурулуп чыкты.
8а-класстын класс жетекчиси Толгонай Айыпова «Стрессиз жашоону үйрөнөбүз» деген темада дебат-сабакты мыкты өткөрө алды.
10 күндүк декадалык иш-чарага мугалимдер активдүү катышып, тажрыйба топтой алышты.
6-класстын окуучуларынын ата-энелерине «Ата-эне-окуучу-мугалим» деген темада жолугушуу уюштуруп, ар бир ата-эне менен окуучунун ортосундагы чыныгы мамилени аныктоо үчүн мыкты методдор менен кызыктуу уюштура алды класс жетекчиси Роза Асыранкулова.
Усулдук бирикменин мүчөлөрү мугалимдер үчүн «Окуу-Сабак-Окутуу» деген темада тренинг өтүшүп, Learningapps.org платформасы боюнча да маалымат бере кетишти.
Иш-чара 3-декабрь күнү аяктап, декаданын иштерине катышуучу мугалимдер, окуу бөлүмүнүн башчысы тарабынан баа берилип, сунуш жана сын-пикирлер менен жыйынтыкталды.
Бурул Майрамбек кызы