3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк майыптыгы бар адамдарды коргоо күнүгө карата Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты окуучулар менен биргеликте Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына ылайык «Калдыгы жок» акциясын өткөрдү.
Бул акциянын негизинде өзүлөрүнө кереги жок, бирок башкаларга пайдасы тийип калаар деген буюмдарды чогултулуп, колдоого муктаж болгон адамдарга таратылып берилди.
Казан-Куйган айлындагы Айтбек Муканбетов атындагы маданият үйүндө окуучулар үчүн чакан концерттик иш-чара уюшулуп, жагымдуу маанай тартууланды. Акциядан чогулган кийимдерди, белектерди, акча каражаттарын мектептин социалдык педагогу Мираида Ниязбек кызы ар бир окуучуга анонимдүү тапшырды.
Ал эми Оттук айылындагы Садык-Ата балдар бакчасында «Балдар-Бейиштен келген сонун белек» аттуу иш-чара өткөрүлүп, Оттук айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга атайын даярдалган белектер тапшырылды.
«Биз жарыялаган акцияга активдүү катышкан баардык айыл тургундарына терең ыраазычылык билдирем. Ар бир үйдө бейпил жашоо, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолуктары бекем болушуна чын жүрөктөн тилектешпиз!»-дейт Мираида Ниязбек кызы.
Акылай Алмазбекова