Кочкор айылынын райондук китепканасында окуучуларга, соцпедагогдоруна жана мугалимдерге «1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү» күнүнө карата тегерек стол болуп өттү.
Аталган иш-чара бүгүн 1-декабрь күнү маданият кызматкерлери жана китепканачылар тарабынан уюштурулду. Бул иш чарага Кочкор айылынын мектептеринен соц.педагогдору, 10-класстын окуучулары жана мугалимдери катышышты. Китепканада СПИД оорусуна тиешелүү атайын бурчтары жасалып, Кенжегүл Жакыпова окуучуларга «СПИД коркунучтуу дарт» аттуу китеп көргөзмөсүн уюштурду.
«СПИД коркунучтуу дарт» аттуу китеп көргөзмө учуру
ВИЧ/СПИД боюнча дарыгери Канымгүл Иманалиева кызыктуу суроолору менен бирдикте тегерек столдун катышуучулары маек куруп, керектүү маалымат ала алышты:
«Жыл сайын 1-декабрь СПИДге каршы күн белгиленет. Ушул күнү бул эпидемия адам баласынын тиричилигине кандай коркунуч жаратарын жана албетте, бул оору менен кантип күрөшүүгө, ВИЧ/СПИД глобалдык дүйнө жүзүндө айтылып келет. Биздин район боюнча маалымат берип кетсем, мисалы, 2012-жылы Нарын облусу боюнча 48 учур катталса, бүгүнкү күндө бул дартка чалдыккан адамдардын саны 205 жетти. 59 учуру Кочкор районунда катталганын билдирип кетким келет».
ВИЧ/СПИД боюнча дарыгери Канымгүл Иманалиева
СПИД оорусу боюнча талкулоо учуру
Тегерек столдун катышуучусу Турсун Темирова атындагы орто мектебинин соцпедагогу Калмурат Нарынбек уулу өзүнүн жеке ой-пикирин айтып берди:
«Бүгүнкү иш-чарада биз билбеген көп маалымат ала алдык, анын ичинде СПИД оорусун жуктуруу жолдору жөнүндө, ооруну жуктуруп, ооруп жүргөн адамдарга кандай мамиле кылганды билдик. Ушу менен калбастан, буюрса маалыматтарды жаштарга, окуучуларга жеткирүү боюнча иштейбиз».
Кочкор айылындагы мектептерде дүйнө жүзүндөгү СПИД оорусу менен күрөшүп жаткан адамдарга жана оорудан каза болгондорго сый- урмат көрсөтүү акцияларга кошулушуп, ар кандай иш- чараларды уюштуруп кетишти. Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин окуучулары «СПИД-21 кылымдын чумасы» аттуу флешмоб уюштурушту.
Максатбек кызы Азиза, Рысбек кызы Керез