Өлкө боюнча зордук- зомбулуктун алдын алуу максатында 16 күндүк акция жарыяланып, Нарын районуна караштуу Айтбек Муканбетов атындагы маданият үйүндө окуучулар тарабынан чакан концерт жана форум театрлар уюшулган.
Бул иш-чарага Аялдарды колдоо борборунун директору Бакен Досалиева, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Анара Орозказиева, Казан-Куйган, Он-Арча айыл аймагынын социалдык кызматкерлери жана жергиликтүү депутаттар, коомдук уюмдардын жетекчилери катышышты.
Иш- чара Аида Эгембердиева жетектеген «Жаш таланттар» ийриминин чакан концерти менен башталып, катышуучуларга атайын сценкалар, видеслайддар жана презентациялар тартууланды.
«Келечек» бийчилер тобу
11-б классынын окуучуларынын үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу сценкасы
11-а классынын окуучуларынын эрте никеге туруу боюнча сценкасы
Нарын мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Анара Орозказиева
“Зордук- зомбулуктун алдын алуу боюнча ата-энелер, мектеп окуучулары менен биргеликте дайыма форум-театрларды, сценкаларды уюштуруп, ар түрдүү багыттагы иштерди алып барып келебиз. Азыркы учурда райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан “16 кундүк зордук зомбулуксуз жашоо” акциясын жарыялаганбыз. Ар бир айыл аймактарда, ар бир мектептерде бул акция боюнча иш чаралар өткөрүлүп жатат. Чынында бул акция өз натыйжасын берет десем жаңылышпайм.
Себеби, бул иш-чараларда көпчүлүк аймактарда окуучулар, б.а. келечек муундарыбыз катышып жатышат. Мисалы, балдарда менин атам зомбулук көрсөтчү эле мен да көрсөтөм дебестен, окуучулар өзүлөрү түшунүп, зордук зомбулукка бөгөт коебуз, зомбулуксуз жашоо керек дегенди тереңден түшүнүп жаткандыгы мени кубандырат»,- дейт Анара Орозказиева.
Аялдарды колдоо борборунун директору Бакен Досалиева
Бакен Досалиева: «Бул акциянын негизги максаты зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүп, элдин аң сезимине таасир этүү. Элдер зомбулук тууралуу балдардын чагылдыруусунда бат кабыл алышып, зомбулук көрсөтүүдөн алыстаган адамдар көп болушат. Мындай учурлар биздин практикабызда көп байкалып келет. Жана ушул адамдар биз менен биргеликте зомбулуктун алдын алуу боюнча да иштерге катышып келген учурлар болгон».
“Аялдарды колдоо борбору” коомдук бирикмесине кайрылган адамдар көп жана булардын 99% аялдар болушат. Кайрылган адамдарга эң биринчи психологиялык жактан жардам көрсөтүлөт, анткени ошол учурда адамдар катуу стрессте болушат. Зомбулукка кабыл аялдардын көпчүлүгүндө мыйзамдар тууралуу билим жок болгондуктан кимге кайрылаарын билишпей, эч кимге кереги жок адамдай болуп калуу менен терс ойлорду ойлоп, жанын кыйганга чейин барышарын билдирди уюмдун директору.
Мындай учурларда атайын адистер туура маалымат берүү менен биринчи кезекте психологиялык жактан колдоо көрсөтүшүп, адамдарды депрессиядан чыгарууга аракеттер жасаларын айтып берди Бакен Досалиева.
Сол тарапта «Элетайым» уюмунун директору Мыскал Байгазиева
“Бүгүнкү зордук зомбулукка каршы өкөрүлүп жаткан иш чараны максатына жетти деп ойлойм. Бул акция жыл сайын өткөрүлүп келет. Ушундай акцияларды көп-көп өткөрүү менен биз зомбулукту токтотконго бардык аракеттерибизди жумшап келебиз. Таптакыр токтотууга мүмкүнчүлүк болбогон күнү да азайтууга, жаштарды тарбиялоого өз салымыбызды кошуудабыз деп ойлойм.
Бул өткөрүлүп жаткан иш чаралар жеке эле коомдук уюмдар тарабынан мектептерде эле өткөрүү менен чектелбестен, коомчулукка зордук зомбулуктун адамдарга тийгизген таасирин, аларга каршы мыйзамдардын иштелип чыгуусу боюнча маалыматтарды жайылтууга аракет кылуудабыз. Жалпы эл зордук зомбулуктун алдын алуу үчүн аракеттенгенге гана биз зомбулукту жеңе алабыз деп ойлойм”,- дейт Мыскал Байгазиева.
«Аялдарды колдоо борбору» Роза Айтматованын демилгеси менен 1998-жылы уюшулуп, аялдарга карата зордук зомбулуктун алдын алуу максатын көздөп, аларга дайыма колдоо көрсөтүп келет. Айылдагы Мыскал Байгазиева жетектеген “Элетайым” уюму 2012-жылдан баштап дал ушул борбор менен иш алып барып келет. Иш чаранын жыйынтыгында Мыскал Байгазиевага «Аялдарды колдоо борборунун» Ардак грамотасы тапшырылды.
Иш чаранын соңунда каалоо тилектер айтылып, Улук Курманбеков «Кыргызстан» ыры менен жыйынтыктады
Акылай Алмазбекова, Акбермет Руслан кызы