Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл өкмөтүнүн демилгеси менен «Зордук-зомбулукка жана рэкетчиликке жол жок!» аттуу тарбиялык мааниси жогору конкурс жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү. Иш-чара коомдо тынчтыкты, ынтымакты жана коопсуздукту бекемдөөгө багытталып, ага айыл аймагындагы 7 жалпы билим берүү мектеби активдүү катышты.

Конкурстун өзгөчөлүгү — ар бир команда 1 окуучу, класс жетекчи жана ата-эне менен биргеликте катышып, мектеп менен үй-бүлөнүн тыгыз кызматташуусун көрсөтө алгандыгында болду.
Иш-чара төмөнкү этаптар боюнча өттү:
— саламдашуу,
— суроо-жооп,
— чыгармачылык номер,
— кол өнөрчүлүк иштери,
— жыйынтыктоо бөлүгү.
Катышуучулар зордук-зомбулукка жана рэкетчиликке каршы өз көз караштарын сахналаштыруу, көркөм сөз жана чыгармачыл иштер аркылуу таасирдүү чагылдыра алышты.
Конкурстун жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен:
🥇 1-орун — Мария Суранчиева атындагы окуу-тарбия комплекси;
🥈 2-орун — Гүлсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектеби;
🥉 3-орун — Касым Тыныстанов атындагы орто мектеп.
Конкурстун жобосуна ылайык ар бир команда курамында 1 окуучу, окуучунун класс жетекчиси жана ата-энеси менен катышып, билим берүү менен тарбиянын, үй-бүлө менен мектептин тыгыз байланышын даңазалашты.
Бул конкурс коомчулукту зомбулуксуз, адилеттүү жана тынч коомду түзүүгө үндөгөн, тарбиялык мааниси зор иш-чара катары катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн эсинде калды.
Конкурска катышкан ата-эне Убайгүл Догдурова бул иш-чара балдар менен зордук-зомбулук темасында ачык сүйлөшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзгөнүн белгилеп, мындай иш-чаралар балдардын тарбиясына оң таасир берерин айтты.
Ал эми калыстар тобунун мүчөсү, баатыр эне, «Ырыс-Таалай» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Майрамкүл Беделбаева конкурс коом үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи:
«Зордук-зомбулуктун алдын алуунун эң биринчи жолу — үй-бүлөлүк тарбия. Мындай конкурстар жаштардын аң-сезимин ойготуп, коомго пайдалуу инсандардын калыптанышына чоң салым кошот», — деди ал.
Анын айтымында, командаларды баалоодо сценарийдин мазмуну, теманын ачылышы жана аткаруу деңгээли негизги критерий болду. Айрым командалар өзгөчө даярдыгы жана актердук чеберчилиги менен айырмаланды.
Иш-чара катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн эсинде зордук-зомбулуксуз, адилеттүү коомду түзүүгө үндөгөн маанилүү тарбиялык конкурс катары калды.
Даярдагандар: Аида Карыбековна, Айдай Джолчубекова