Урматтуу Кыргызстандын мектеп окуучулары! Бизде сиздер үчүн сонун жаңылык бар.Жамааттык маалымат каражаттарынын ассоциациясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ЮНИСЕФ менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Күчтүү жаштар– күчтүү өлкө!» долбоорунун алкагында сынактын негизинде Bootcampка катышуучуларды (кыздарга артыкчылык берилет – 60%) кабыл алууну жарыялайт. Bootcamp – бул жергиликтүү саясатка таасир этүү үчүн медиа контентти түзүүнү, медиа сабаттуулук, санариптик коопсуздук жана жарандык катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүүнү үйрөнө турган үч күндүк интенсивдүү семинар.

Bootcamp төмөнкү даталарда жана локацияларда өткөрүлөт:
2026-жылдын 24–25-26март күндөрү Бишкек шаарында (Бишкек жана Талас шаарынан келген катышуучулар үчүн);
2026-жылдын 30-31-март 1-апрель күндөрү Ош шаарында (Ноокат району жана Кызыл-Кыя шаарынан келген катышуучулар үчүн);
Нарын (Кочкор, Ат-Башы) жана Ош шаары (Ош жана Сузак району) үчүн кошумча даталар кийинчерээк жарыяланат.
Катышууга 8–10-класстардын окуучулары (13–17 жаштагылар) төмөнкү максаттуу аймактардан чакырылат: Ош шаары (Ноокат району, Кызыл-Кыя шаары), Бишкек шаары (Талас шаары). Өзгөчө көңүл маргиналдашкан топторго: айыл тургундарына, этникалык азчылыктарга жана мигранттардын балдарына бурулат.
Bootcampте сиздерди эмне күтөт?
1-күн: Мектептик медиа борборлорду башкаруу жана медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун негиздери. Этикалык стандарттар.
2-күн: Санариптик контентти түзүү (Reels, Stories, свайп посттор) жана storytelling.
3-күн: Мобилдик тартуу жана монтаж.
Аяктагандан кийин сиз мектептин медиа борбору үчүн иш-аракеттер планын жана сертификат аласыздар.
Bootcamp’ке тандоо 2 этапта өтөт.
Биринчи этап:
Биздин Instagram, Facebook жана YouTube каналга катталуу
Анкетаны толтуруп, бизге 2026-жылдын 1-мартына чейин саат 17:00гө чейин жөнөтүңүз.
Анкетага бул шилтеме аркылуу өтүңүз.. Сынак
Экинчи этап:
Арыздарды карап чыккандан кийин, биз финалисттерди жана резервдик тизмеге талапкерлерди тандайбыз.
Өткөндөр менен телефон аркылуу байланышып, кабарлайбыз жана керектүү документтерди (анын ичинде ата-энесинин/көзөмөлчүсүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугун) сурайбыз.
Bootcamp ке катышуу акысыз. Уюштуруучулар жатакана, тамак-аш жана жол кире чыгымдарын жабышат.
Катышуучуларды тандоо критерийлери:
Ишмердүүлүк: ыктыярчылык иш-чараларга, мектепте долбоорлорго же коомчулукка катышуу (артыкчылык катары).
Медиа сабаттуулук, санариптик коопсуздук жана контент түзүү темаларына кызыгуу.
Мотивация: көндүмдөрдү алуу жана кайтып келгенден кийин классташтары менен бөлүшүү каалоосу.
Жеткиликтүүлүк: көрсөтүлгөн даталарда жана жерлерде катышуу мүмкүнчүлүгү.
Инклюзивдүүлүк: кыздарга (60%), маргиналдашкан топторго жана тоскоолдуктарга туш болгондорго артыкчылык (географиялык обочолонуу, санариптик сабаттуулуктун чектелгендиги).
Көңүл буруңуздар! Катышуу үчүн ата-энеңизден же жооптуу адамдан жазуу жүзүндөгү уруксат керек. Бардык иш-чаралар этикалык нормаларды, балдарды коргоону жана PSEAны (сексуалдык эксплуатациядан жана зомбулуктан коргоо) сактоо менен өткөрүлөт.
Өзгөрүштөрдүн үнү болуңуз! Санарип платформаларды жамаатыңыздагы адвокация жана өзгөрүүлөр үчүн куралга айлантууга кошулуңуз.
Кошумча суроолор боюнча: +996 704 622 261 (Венера Шонкоева) номерине чалыңыздар. Сураныч дем алыш жана майрам күндөрү чалбаңыздар .