2025-жылы Кыргыз Республикасынын Балыкчы шаарындагы “Дипломат” жеке менчик мектебинин окуучулары эл аралык CIPP 2025 (Youth Innovation: Collaborating to Improve and Protect Our Planet) билим берүү кампаниясына катышып, жогорку жетишкендиктерге ээ болушту.
Аталган эл аралык демилге UNESCOнун Ассоциацияланган мектептер тармагынын алкагында уюштурулуп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 30 000ден ашуун балдарды жана жаштарды камтыды. Кампаниянын негизги максаты — жаш муунда экологиялык аң-сезимди, туруктуу өнүгүү принциптерин жана глобалдык жарандык жоопкерчиликти калыптандыруу болуп саналат.
CIPP 2025 кампаниясында Кыргыз Республикасынын атынан «Дипломат» окуу жайынын окуучулары балдар категориясында (Children’s Group, 10 жашка чейин) «Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо» темасы боюнча чыгармачыл жана практикалык иштерди сунушташты. Алардын долбоорлору эл аралык эксперттик калыстар тобу тарабынан жогору бааланып, бир катар сыйлыктарга татыктуу болду.
Нуралинин 3D долбоору — тоолуу экосистемаларды сактоонун мааниси
Окуучу Турсунбеков Нурали тарабынан даярдалган «Тоолуу экосистема жана ак илбирстин жашоо чөйрөсү» аттуу 3D-макет жаратылыштагы экосистемалардын өз ара байланышын жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоонун актуалдуулугун чагылдырат. Долбоордо тоолуу аймактардын экологиялык мааниси жана ак илбирстин биологиялык ар түрдүүлүктөгү ролу айкын көрсөтүлгөн.
Бул иш төмөнкү сыйлыктарга ээ болду:
Аукинин көркөм иши — табиятка болгон жоопкерчиликтин символу
Окуучу Сабырбекова Аукинин «Биздин планетадагы жашоонун ар түрдүүлүгү» аттуу сүрөт иши жаратылыштын бүтүндүгүн жана адамзаттын табият алдындагы жоопкерчилигин көркөм образ аркылуу ачып берет. Сүрөттөгү Жер шарын кучактаган баланын образы экологиялык маданиятты жана камкор мамилени символдоштурат.
Бул чыгармачыл иш Award for Pioneering Sustainability сыйлыгы менен бааланды.





Окуучулардын эл аралык кампанияга катышуусу мектеп жамаатынын системалуу педагогикалык ишинин жыйынтыгы болуп саналат. Иш-чарага катышууну «Дипломат» окуу жайынын директору Атабаева Мейрам Муканбековна жетектеген. Эл аралык долбоорлор менен иш алып барууда англис тили мугалими Альбина Бакырчакова уюштуруучулук жана координациялык иштерди камсыздаган.
Зубаржад Жалилова