Зордук-зомбулукту, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу, ошондой эле өспүрүмдөр арасында сергек жашоо образын жайылтуу максатында Балыкчы шаарында окуучу кыздар арасында волейбол боюнча шаардык мелдеш уюштурулду.
Иш-чара Балыкчы шаарынын мэринин демилгеси менен Балыкчы шаарынын Билим берүү бөлүмү, Балыкчы шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жана Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан биргеликте өткөрүлдү.
Мелдешке шаардагы бардык жалпы билим берүү мектептеринен 9–11-класстардын окуучуларынан түзүлгөн курама командалар катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы № ПЖ-303 «2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу» Жарлыгына ылайык өткөрүлүп, анын алкагында дене тарбияны, спортту жана сергек жашоо образын пропагандалоого өзгөчө көңүл бурулду.
Волейбол мелдешинин ачылыш аземине Балыкчы шаарынын мэри Жантаев Баатырбек Темиржанович, Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасы Аманалиев Дастан Жумадилович, Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Төкөлдошев Чынгыз Жолтоевич, Балыкчы шаарынын Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эсенаманова Жылдыз Субановна, ошондой эле Балыкчы шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Аманатов Алишер Маратович катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилер окуучуларга кайрылып, спорт менен машыгуу жаштарды коомдогу терс көрүнүштөрдөн алыс кармоонун натыйжалуу жолу экенин белгилеп, сергек жашоо образын сактоого жана мыйзамдуулукту урматтоого чакырышты.
Мелдеш «Биз зордук-зомбулукка каршыбыз!» деген ураан алдында салтанаттуу түрдө ачылып, жогорку уюшкандыкта жана достук маанайда өткөрүлдү.

Зубаржад Жалилова