30,31-январь 2026-жылы КРминистрлер кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентиги Спорт олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы КР биатлон боюнча чемпионатын жана КР С.Джуманазаров атындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги спорт мектеби (СДЮШОР)биатлон боюнча биринчиликти уюштуруп өткөрүштү.

Биатлон – кышкы спорттун бир түрү болуп, анда лыжа тебүү менен так атуу айкалыштырылган мелдеш өткөрүлөт. Ачылыштын алкагында 30-январда Кыргыз Республикасынын биатлон боюнча чемпионаты, ал эми 31-январда Кыргыз Республикасынын лыжа жарышы боюнча кышкы спорт оюндары уюштурулду. Мелдештер Таш-Төбө айылында өттү.

Биатлон боюнча машыктыруучу Сергей Брагин спорттун бул түрү өспүрүмдөрдү тартипке, тактыкка жана психологиялык туруктуулукка тарбиялай турганын белгиледи. Анын айтымында, машыгуу процессинде спортчуларга өзүн-өзү көзөмөлдөө, жоопкерчилик жана командалык духту калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулат.
Мелдешке №119 Р. Мамыралиев атындагы мектептин окуучулары жогорку даярдык менен катышып, бир катар байгелүү орундарды багындырышты.

Биатлон боюнча КР чемпионатынын жыйынтыктары:
• Кенже кыздар (юниорки): Антонина Борисенко – 3-орун
• Өспүрүм балдар: Салморбеков Акимбай – 2-орун, Батырбеков Айдар – 3-орун
• Өспүрүм кыздар:
• 2009–2010-жж: Кенешова Үмүтайым – 3-орун
• 2011–2012-жж: Минбаева Телегей – 2-орун, Салморбекова Айдана – 3-орун
• 2013-ж.: Рахманова Рахима – 1-орун
• Балдар (2013-ж.): Данияров Нуртилек – 2-орун
Лыжа жарышы боюнча жыйынтыктар:
• Борисенко Антонино – 1-орун
• Салморбеков Акимбай – 1-орун
• Батырбеков Арстанбек – 2-орун
• Баратов Марсель – 3-орун
Бул мелдештер окуучулардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, алардын мүнөзүн калыптандырууда жана тажрыйба топтоосунда маанилүү роль ойнойт.

Даярдагандар: Динара Султаналиева, Берметкан Исабекова