Нарын районундагы Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы №623 токтомуна ылайык айыл тургундарын кабардар кылып, алгачкы айдын жөлөк пулун берүү ишин баштады. Аталган жөлөк пул 3 жашка чейинки балдары бар көп балалуу үй-бүлөлөргө каралган. Бул колдоо айрыкча айыл жергесинде жумушсуздуктун айынан баласы бала бакча курагына жете электе эле ишке чыгууга аргасыз болгон энелер үчүн маанилүү жардам болууда.
Учкун айыл аймагындагы А.Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими өз пикирин билдирип, жөлөк пул баланы кароого олуттуу колдоо болуп жатканын белгиледи:
«Мен 5 баланын энесимин. 2025-жылдын октябрь айында декреттик өргүүгө чыккам. Учурда 2 балама жөлөк пул алып жатам. Бул каражат баланы багууга жакшы жардам берет экен. Мурда балам кичинекей болсо да жумушка чыгып жүрчүмүн. Азыр болсо балам 3 жашка чыкканча жумушка чыкпай, ден соолугуна көңүл бурам деп чечтим», — деди ал.
Ал эми жөлөк пул боюнча кенен маалыматты Учкун айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Балтабаева Анара Эсенгуловна берди.
Анын айтымында, Министрлер Кабинетинин №623 токтомуна ылайык бийик тоолуу жана чек арага чукул аймактарда жашаган көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 3 жашка чейинки балдарына ай сайын 3000 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнөт. Токтом 2026-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген:
«Учкун айыл аймагы тоолуу аймакка киргендиктен, балдарды тактоо иштери жүргүзүлдү. Болжол менен 200дөн ашык бала жөлөк пул менен камсыз болот. Жөлөк пул алуу үчүн ата-энелер Нарын шаарындагы Нарын райондор аралык эмгекти жана социалдык коргоо башкармалыгына кайрылуусу керек», — деди адис.
Керектелүүчү документтердин катарына ата-эненин паспорттору, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, полиси, “Түндүк” мобилдик тиркемесинен катталган маалым кат жана жашаган жери тууралуу справка кирет. Ошондой эле Айыл банк же Элдик банктан жеке эсеп ачтыруу талап кылынат.
Документ тапшыруу учурунда айрым көйгөйлөр да жаралууда. Тактап айтканда, “Түндүк” тиркемесинде жашаган даректердин дал келбеген учурлары катталууда. Бул маселелер айыл өкмөтү же ЦОН аркылуу чечилүүдө.
Маалымат көп балалуу үй-бүлөлөргө толук жетиши үчүн айылдын WhatsApp топтору аркылуу кулактандыруулар байма-бай жарыяланып жатат.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева